Кумтѳр бардык кызыкдар тараптарды, видео кѳзѳмѳлдѳѳ системаларын тейлѳѳ кызматын сунууга кызыккандыгын/мүмкүнчүлүгүн кѳрсѳтүүгѳ чакырат

Кумтѳр бардык кызыкдар тараптарды, видео кѳзѳмѳлдѳѳ системаларын тейлѳѳ кызматын сунууга кызыккандыгын/мүмкүнчүлүгүн кѳрсѳтүүгѳ чакырат

Жарыяланган: 22 January 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

1. Техникалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча кеңеш берүү кызматтарын сунуу;
2. IP кѳзѳмѳлдѳѳ камераларын, жаздыруу системаларын, оператор консолдорун, кабель жана кубаттуулук системаларын жеткирүү, орнотуу жана тейлѳѳ.

Коюлган шарттарга туура келген талапкерлер, тѳмѳндѳ белгиленген талаптардын негизинде, кийинки текшерүү, сүйлѳшүү жана коммерциялык сунуштарды тапшыруу этаптарына чакырылат.

Талаптар:

– Тейлѳѳ кызматтарын сунуштоочу талапкердин, эл аралык стандарттардын жана аларга таянып иштелип чыккан чечимдердин негизинде кѳзѳмѳлдѳѳ камераларынын долбоорун иштеп чыгууга, жеткирүүгѳ, орнотууга жана тейлѳѳ кызматтарын сунуштоого тийиш;
– Жабдуулар Бишкекте/Кумтѳр кен-жайында/Балыкчыда/Караколдо ж.б. жерлерде орнотулушу мүмкүн;
– Материалдар, заказды аткаруу үчүн белгиленген убакыттын ичинде жеткирилүүгѳ тийиш;
– Тарифтик чендерин макулдашуу абзел. Ар бир долбоор, ѳзүнѳ таандык талабынын жана баасынын негизинде ишке ашырылат;
– Сунушталган кызматтардын сапатын аныктаган келишимдер түзүлүүгѳ тийиш;
– Буга чейин жүзѳгѳ ашырылган чоң долбоорлор жѳнүндѳ маалыматтын берилиши тийиш.

Коммерциялык сунуштар, оозу чапталган, үстүндө “Видео кѳзѳмѳлдѳѳ системаларын тейлѳѳ” деп жазылган, А4 форматындагы конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 10 кабат адресине 2016 жылдын 5 февраль, саат 17:00гѳ чейин жиберилүүсү зарыл.

Белгиленген убакыттан кийин жана электрондук адреске жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт. Бардык суроолор боюнча, кызыкдар тараптар, КГКнын сатып-алуу бөлүмүнө kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук адреси аркылуу кайрылса болот.

КГК, келип түшкѳн билдирмелерди толугу менен же айрым бир бѳлүгүн кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу укугун сактайт. Ишкананын талаптарына туура келген коммерциялык сунуштарды берген талапкерлерге кабар берилет.