“Кумтөр” компаниясы Кыргызстан жаштарынын экологиялык билим берүүчү “Жашыл Ой” долбоорун каржылоодо

“Кумтөр” компаниясы Кыргызстан жаштарынын экологиялык билим берүүчү “Жашыл Ой” долбоорун каржылоодо

Жарыяланган: 26 August 2014

Республикалык “Жашыл Ой” экологиялык программасы эки жылдан бери “Жаштардын демилгелерин өнүктүрүү фонду” тарабынан “Кумтөр Голд Компани” каржылоосу менен өткөрүлүп келе жатат. Долбоордун максаты Кыргызстан жаштарына экологияны коргоо, экологиялык коопсуздук жана туруктуулук боюнча билим берүүчү эң мыкты тажрыйбалар менен тааныштыруучу аянтчаларды түзүү.

Эколагердин программасы быйыл үч бөлүктү камтыды. “Жашыл ой – өспүрүмдөр” аттуу биринчи агымы 7-14 июнда Бишкек шаарында болуп өткөн. Ага 14-18 жаш курагындагы республиканын бардык аймактарынан келген жогорку класстардын окуучулары катышып, экокоопсуздук, суу жана санитария, тиричилик химия, урбанизация калдыктары, азык-түлүк коопсуздугу ж.б. темаларды окуп, мастер класстарды өтүшкөн. Өспүрүмдөрдүн аң сезиминде экологиялык маданиятты калыптоо долбоордун маанилүү бөлүгү. Анткени дал ушул куракта баалууктар багыты түптөлүп, туура билимге ээ болуу тиешелүү экологялык-укуктук маданияттын калыптанышына негиз түзөт.

29-июлдан 4-августка чейин эколагерь 18 ден 25 жашка чейинкилер үчүн болду. “Жашыл ой – жаштар” аталыштагы агым Ысык-Көлдө, Кажы-Сай айылында жож студенттерин, жаштардын коомдук уюмдарынын жигердүү мүчөлөрү менен лидерлерин чогултту. Аларга коомдогу экологиялык абал, көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору менен тааныштырууга мамкызматкерлер, экология адистери жана профессорлору, коомдук уюмдардын тажрыйбалуу өкүлдөрү келип, пикир алмашуу, талкуу аянтчасын түзүп беришти. Эколагердин жыйынтыгында катышуучулардын айрымдары жеке долбоорлорун иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашырууга миң долларга чейин грант алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле катышуучулардын жарымы “Кумтөр” алтын кенинде бир күндүк экскурсияга чыгып, өндүрүштүн жүрүшү жана экологиянын сакталышы менен жеринен таанышып кайтышты.

Чолпон-Ата шаарында 20-25 августта өткөн “Жашыл ой-2014” 25-35 жаш курагындагы адистер үчүн эл аралык форум жалпы иш чаранын жыйынтыктоочусу болду. КМШ, Балтия жана Кавказ өлкөлөрүнөн экологиялык долбоорлорду ийгиликтүү иштетип жаткан адистер биргелешип, айлана-чөйрөгө адамдын таасири жана кесепеттерин азайтуу, адамдардын экологиялык дүйнө таанымын кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашты. Форумдун талкуулору боюнча биздин өлкөлөр жалпы экологияга таасир берип, жалгыздан ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес, ал эми биргелешип чыныгы салым кошуу мүмкүн деген пикирге келишти.

Ишкананын туруктуу өнүктүрүү боюнча менеджери Дуглас Гриер “Биздин компания үчүн экологияны сактоо маселеси абдан маанилүү. “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн бардык баскычтарында экологиялык менеджмент системасы иштеп, абалга мониторинг тынымсыз жүргүзүлүп турат. Эко-лагерди колдоо аркылуу жаштардын аң сезиминде айлана-чөйрөнү сактап, аяр мамиле кылууну, экология тууралуу түшүнүгү кеңейтүүнү калыптоону максат кылабыз” – деп белгиледи.