Жарыяланган: 12 September 2026
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводду расмий ишке берүү аземи өттү.
Ишкананы ишке берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн режиминде катышып, өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнүн жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде иштей баштаган жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын туунду ишканасы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө завод өлкөдөгү унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштеткен жалгыз завод болуп, заманбап европалык жабдуулар жана технологиялар менен иштейт. Заводдун негизги максаты -колдонулган унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү жана кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу.
Ишканада өндүрүш эки багытта жүргүзүлөт: эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү. Толук өндүрүштүк кубаттуулукта, төрт нөөмөт менен иштеген учурда завод жылына 6 миң тоннага чейин резина күкүмүн өндүрө алат. Ал резина плиткаларын, килемчелерди, спорттук жана балдар аянтчалары үчүн жаракат алуу коркунучун азайткан жабууларды, ошондой эле башка буюмдарды, анын ичинде бут кийим өндүрүшүндө колдонулуучу продукцияларды жасоодо чийки зат катары пайдаланылат (сырье).
Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү экинчи цех 2025-жылдын башында тесттик режимде ишке киргизилген. Былтыркы жайдан бери азыркы учурга чейин калыбына келтирилген дөңгөлөктөр оор жүк ташуучу унааларда өндүрүштүк сыноолорду өтүп жатат.
Мындан тышкары, өткөн жылдын күзүндө ишкана калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү укугуна лицензия алган. Бул заводго унаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө Кыргызстанда атайын техникаларды кошкондо 2 миллионго жакын унаа расмий катталган. Дөңгөлөктөрдүн орточо пайдалануу мөөнөтү 4–6 жылды түзөт.
Вулканизацияланган резина, болот корд жана химиялык кошулмалар колдонулган дөңгөлөктөрдү экология үчүн өзгөчө зыяндуу калдыктардын катарына киргизет. Салмагы орточо 8–10 килограмм болгон унаа дөңгөлөгү табигый шартта 500 жылга чейин чирибей сакталышы мүмкүн.
Ошол эле учурда жыл сайын жүз миңдеген эски дөңгөлөктөр жараксыз абалга келип, таштандыга айланат. Мунун баары колдонулган унаа дөңгөлөктөрүн өрттөө, жөн эле топтоп коюу же айлана-чөйрөгө таштоо ордуна кайра иштетүүнүн мааниси өтө чоң экенин көрсөтөт.