«Кумтөр Оперейтинг Компани» Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кезектеги отчетту чыгарды

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кезектеги отчетту чыгарды

Жарыяланган: 16 July 2012

Эдельвейсы на руднике «Кумтор»

Бүгүн, 2012-жылдын 16-июлунда, «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2011-жылга Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча отчетту сунуш кылды. Бул документ 1996-жылдан баштап жыл сайын чыгарылып келет. Отчет мамлекеттик органдарга, өкмөттүк эмес секторго жана коомчулукка “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаал жана компания тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берүү үчүн жарыяланат.  Бул отчетту жарыялоо компаниянын ыктыярдуу демилгеси болуп саналат, ал маалыматтык ачыктыкты жогорулатууга жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалогду колдоп турууга багытталган.

Отчет маселелердин кеңири спектрин камтыйт, анда өнөр жайлык коопсуздук, эмгекти жана кызматкерлердин саламаттыгын коргоо сыяктуу темалар кеңири ачылып берилген. Документте «Кумтөр» кен ишканасында жана жакын жайгашкан территорияларда жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөр жөнүндө маалымат жана 2011-жылдагы жана акыркы беш жылдагы курчап турган чөйрөнүн абалынын мониторингинин маалыматтары камтылган. Компания 2011-жылы тышкы контролдоочу органдарга милдеттүү маалымдоого тийиш болгон бир дагы олуттуу окуя катталбагандыгын билдирет. Документте ошондой эле социалдык программаларды жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары, компаниянын экономикалык көрсөткүчтөрү жана келечек пландары да  берилген.

Отчетто алынган уруксаттар, макулдашуулар, лицензиялар, инспекциялык жана аудитордук текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар да келтирилген. 2011-жыл аралыгында  Кыргыз Республикасынын ар кайсы министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү тарабынан «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» объектилерин 22 инспекциялоо жүргүзүлгөн. Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан эле өткөн жылы жалпы жонунан «Кумтөр» кен ишканасына өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча алты инспекция жүргүзүлгөндүгүн белгилеп коелу.  2011-жылы компания эки жолу аудитордук текшерүүдөн өткөн, ал көз карандысыз WESA консалтинг компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылган. Андан тышкары, 2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасында Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана эксперттери да болушкан.

2011-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» цианидди транспорттоого, сактоого жана алтын өндүрүүдө колдонууга тийиштүү бардык процедуралардын жана документациялардын аудитинен жана кылдат текшерүүсүнөн өткөн. Цианидди пайдалануунун эл аралык институту тарабынан тандалып алынган көз карандысыз эксперттер компаниянын бардык процедуралары жана операциялары Цианидди пайдалануунун эл аралык кодексинин принциптерине толук ылайык жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө корутунду беришкен.  Натыйжада  2012-жылдын майында Цианидди пайдалануунун эл аралык институтунун сертификатын алуусу «Кумтөр Оперейтинг Компани» үчүн экологиялык жоопкерчилик тармагындагы олуттуу эл аралык окуя болуп калды.

Чыгарылган отчет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга жөнөтүлгөн.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2011-жылга Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча жылдык отчету www.kumtor.kg сайтында бардык кызыкдар жактар үчүн үч тилдик версияда: кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар