ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн УКУКТУК ЖАНА КОРПОРАТИВДИК СУРООЛОР бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Юриспруденция» багытында жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • ПК колдоно билүү жана MS Office программаларын жакшы билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Каттардын, доолордун, арыздардын, кайрылуулардын, протоколдордун жана башка документтердин долбоорлорун даярдоо.
  • Сот отурумдарынын жүрүшүн байкоо жана керектүү документациларды даярдоо.
  • Бөлү0мдүн ички документтерин архивге жөнөтүү.
  • Корпоративдик жолугушуулардын протоколун түзүү.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2021-жылдын 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ Следующая публикацияЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.