ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА  ПРОГРАММАСЫ
                Жарыяланган:  02 June 2021
                Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ЧЕНЕМДИК УКУКТУК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ АТКАРУУ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Тоо-кен иши» же «Өнөр жайлык жана жарандык курулуш» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
 
- Компьютер жана AutoCAD программасында иштей билүү;
 
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
 
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
 
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
 
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
 
- Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.
 
Милдеттер:
- Төмөнкү шарттарда ченемдик укуктук базанын иш методдорун үйрөнүү жана түшүнүү:
 
- тоо-кен өндүрүшү
 
- шаар курулушу жана архитектура
 
- техникалык түзмөктөрдү, жабдууларды, жана транспорттук каражаттарды каттоодо жана техникалык текшерүүдө
 
- шаймандарды, өлчөө каражаттарын, радио станцияларды ж.б. у.с. каражаттарды колдонууда;
 
- Курулуш жаатында баштапкы маалыматты уруксат кагаздарын алуу максатында иштеп чыгуу;
 
- Архивдөө, каттоо жана архивдик документердин тизмесине киргизүү;
 
- Долбоордук документтердин пакетин лицензияларды, уруксаттарды ж.б. алуу үчүн даярдоо;
 
- Курулуш жана тоо-кен өндүрүш жаатында лицензиялардын, уруксаттардын, макулдашуулардын мөөнөтүн көзөмөлдөө;
 
- Допуск, сертификаттардын жана жумушчулардын аттестациялоосун өз убагында алынуусун көзөмөлдөө.
 
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
 
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
 
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
 
- Такшалма графиги – 5/2
 
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
 
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
 
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
 
 Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.