ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 02 June 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ЧЕНЕМДИК УКУКТУК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ АТКАРУУ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Тоо-кен иши» же «Өнөр жайлык жана жарандык курулуш» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана AutoCAD программасында иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Төмөнкү шарттарда ченемдик укуктук базанын иш методдорун үйрөнүү жана түшүнүү:
  1. тоо-кен өндүрүшү
  2. шаар курулушу жана архитектура
  3. техникалык түзмөктөрдү, жабдууларды, жана транспорттук каражаттарды каттоодо жана техникалык текшерүүдө
  4. шаймандарды, өлчөө каражаттарын, радио станцияларды ж.б. у.с. каражаттарды колдонууда;
  • Курулуш жаатында баштапкы маалыматты уруксат кагаздарын алуу максатында иштеп чыгуу;
  • Архивдөө, каттоо жана архивдик документердин тизмесине киргизүү;
  • Долбоордук документтердин пакетин лицензияларды, уруксаттарды ж.б. алуу үчүн даярдоо;
  • Курулуш жана тоо-кен өндүрүш жаатында лицензиялардын, уруксаттардын, макулдашуулардын мөөнөтүн көзөмөлдөө;
  • Допуск, сертификаттардын жана жумушчулардын аттестациялоосун өз убагында алынуусун көзөмөлдөө.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 15-июнь күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

 Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.