“Кумтөр” компаниясы селден жабыркаган Жети-Өгүз районуна жардам берүүгө техника жөнөттү

Жарыяланган: 30 July 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКунун жетекчилиги, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиевдин өтүнүчүнө жооп кылып, тез арада Жети-Өгүз районундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн оор техникаларды жана жумушчуларды жөнөттү.

Кумтөрдүн бульдозери жана экскаваторы Жети-Өгүз айылындагы  жолдорду калыбына келтирип, дарыялардын нуктарында тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен дарыялар жээгинен ашып, сел жүрдү.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Предыдущая публикация"Кумтөр" ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоодон кийин иштеп баштады Следующая публикация"Кумтөр" өндүрүштүк толук ылдамдыгында иштөөдө
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.