“Кумтөр” компаниясы селден жабыркаган Жети-Өгүз районуна жардам берүүгө техника жөнөттү

“Кумтөр” компаниясы селден жабыркаган Жети-Өгүз районуна жардам берүүгө техника жөнөттү

Жарыяланган: 30 July 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКунун жетекчилиги, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиевдин өтүнүчүнө жооп кылып, тез арада Жети-Өгүз районундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн оор техникаларды жана жумушчуларды жөнөттү.

Кумтөрдүн бульдозери жана экскаваторы Жети-Өгүз айылындагы  жолдорду калыбына келтирип, дарыялардын нуктарында тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен дарыялар жээгинен ашып, сел жүрдү.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.