Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жаңыдан иш башташкан ишкерлерин финансы менеджментинин негиздерине окутушат

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жаңыдан иш башташкан ишкерлерин финансы менеджментинин негиздерине окутушат

Жарыяланган: 12 October 2012

Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жаңыдан иш башташкан ишкерлерин финансы менеджментинин негиздерине окутушат 2012-жылдын 15- жана 16-октябрында Каракол шаарында жана Барскоон айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин жамааттарын активдештирүү боюнча “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын биргелешкен долбоорунун алкактарында Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары үчүн бизнес пландаштыруу боюнча семинарлар болуп өтмөкчү.

Ал семинарларда катышуучулар жүгүртүү капиталын башкаруунун негиздерин, финансылык менеджменттин жана анын анализинин эң маанилүү аспектилерин үйрөнүшмөкчү. Биргелешкен долбоор жергиликтүү жамааттар тарабынан жеткиликтүү ресурстардан товарларды өндүрүү жолу менен областтын экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Азыркы учурга карата долбоордун алтымыштан ашуун катышуучусу варенье, джем жана сокторду өндүрүү процессине тартылган. Жакынкы келечекте алардын продукциясы региондун жана Кыргыз Республикасынын борборунун дүкөндөрүндө жеткиликтүү болот. Бул долбоор 2013-жылдын мартынын аягына чейин созулат жана 20 айылды жана 30дай жергиликтүү жамаатты камтымакчы.
“Бир айыл – Бир продукт” ассоциациясы Ысык-Көл областында “Япон эл аралык өнүктүрүү агенттигинин” жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу астында областтык мамлекеттик администрация тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкактарында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн демилгеси боюнча түзүлгөн. Ар бир кызыкдар жамаат же адам Ассоциацияга кошула алат. Ассоциациянын мүчөлөрү жеткиликтүү ресурстарды пайдалануу менен уникалдуу продукция өндүрүшүүдө.