Жарыяланган: 25 October 2026
УРМАТТУУ КУМТӨРДҮН АЙДООЧУЛАРЫ!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Транспорт кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Кенге керектүү жүктөрдү жана азык-түлүктөрдү өз убагында жеткирүү, ошондой эле Кумтөрдүн кызматкерлерин иш ордуна жана үйүнө аман-эсен ташуу милдетин жогорку жоопкерчилик менен аткарып келесиздер.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш жана ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз!
Ар бир каттамыңыздар коопсуз, жолуңуздар шыдыр болсун!
Майрамыңыздар менен!
