КУМТӨР КЕНИНЕ АРНАЛГАН ЖАЙКЫ, КЫШКЫ БУТ КИЙИМДЕР, ШИРЕТҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН БУТ КИЙИМДЕР, РЕЗИНА ӨТҮКТӨР ЖАНА АТАЙЫН КИЙИМДЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

КУМТӨР КЕНИНЕ АРНАЛГАН ЖАЙКЫ, КЫШКЫ БУТ КИЙИМДЕР, ШИРЕТҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН БУТ КИЙИМДЕР, РЕЗИНА ӨТҮКТӨР ЖАНА АТАЙЫН КИЙИМДЕР БОЮНЧА КОНКУРСТУК СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

Жарыяланган: 08 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 18.08.2025, 14:00го чейин.


Урматтуу мырзалар жана айымдар,

Жабык акционердик коом «Кумтөр Голд Компани» (Буйрутмачы) жеткирүүчүлөрдү жайкы, кышкы бут кийимдер, ширетүүчүлөр үчүн бут кийимдер, резина өтүктөр жана атайын кийимдерди жеткирүү боюнча эки пакеттүү ачык конкурска катышууга чакырат жана техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук сунуштарды берүүнү суранат:

  1. Лот №1– Жайкы, кышкы бут кийимдер, ширетүүчүлөр үчүн бут кийимдер, резина өтүктөрү
  2. Лот №2– Кумтөр кенине арналган атайын кийимдер

Лоттор бөлүнүүчү болуп саналат.

Сунуштар, кошумча документтер, тиркемелер жана баа сунуштары коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугу бар адам (же адамдар) тарабынан кол коюлушу керек, жана расмий мөөр менен бекитилиши зарыл. Документтер PDF форматында берилүүгө тийиш.

Кол коюу укугуна ээ болгон адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Конкурска катышууну каалаган бардык тараптар ушул Чакырууга тиркелген №1, №2, №3 жана №6 формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеши жана төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүшү керек.

Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өздөрүнүн сунуштарын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт. Ар бир каттын көлөмү 25MB ашпоого тийиш.

Катышуучулар сунуштарын биринчи пакет үчүн: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]» жана экинчи пакет үчүн: «Баа сунушу [компаниянын аталышы]» темалар менен sizy@kumtor.kg дарегине жөнөтүшү керек

Конкурстук сунуштарды тапшыруу тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте тапшырат, бул эки пакет тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке бир убакта жөнөтүлүшү керек:

  • Пакет №1 – Квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
  • Пакет №2 – Коммерциялык сунуш (файлга кирүү сыр сөз аркылуу камсыздалат жана биринчи этапта ачылбайт; сыр сөз буйрутмачынын электрондук катынан келген сурам боюнча жөнөтүлүшү керек).

1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):

1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Товарлардын техникалык спецификациясы;
  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы жылдагы референс барагы);
  • Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкаттардын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн – ИП катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк же иштеп жаткан патенттин көчүрмөсү, бул учурда ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине шайкеш болушу керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Документтерге кол коюу укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • 2024-жыл жана 2025-жылдын (биринчи жарым жылдыгы үчүн) ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бухгалтердик балансы жана бардык тиркемелери (бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр боюнча отчет, акча каражаттарынын кыймылы боюнча отчет), ошондой эле бирдиктүү салык декларациясы (ЕНД);
  • Катышуучунун (акыркы үч жылдагы, азыркы жылды кошкондо) соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат;
  • Шайкештик сертификаттары же СГР;
  • Ар бир үлгү боюнча шайкештик сертификаттары, паспорттору же техникалык баяндамалары;
  • Продукциянын паспорту же техникалык баяндамасы (эгер бар болсо);
  • Кепилдик кат (зарыл болгон учурда).

Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):

  • Товарлардын техникалык спецификациясы;
  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы жылдагы референс барагы);
  • Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Документтерге кол коюу укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • 2024-жыл жана 2025-жылдын (биринчи жарым жылдыгы үчүн) ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бухгалтердик балансы жана бардык тиркемелери (бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр боюнча отчет, акча каражаттарынын кыймылы боюнча отчет);
  • Шайкештик сертификаттары же СГР;
  • Продукциянын паспорту же техникалык баяндамасы (эгер бар болсо);
  • Кепилдик кат (зарыл болгон учурда).

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка өткөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка төмөнкүлөдү аткарбаган катышуучулар өткөрүлбөйт:

  • документтердин толук топтомосун бербеген;
  • сыр сөзсүз биринчи топтомо менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
  • буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
  • конкурстук табыштаманын өтүшүнө кепилдик берген кол коюлган декларация жок болгон учурда (Чакырууга №1-тиркеме түрүндө);
  • ак ниеттүүлүк жөнүндө декларацияга кол коюлган жана коррупцияга каршы күрөшүү эскертме болбогон учурда (Чакырууга №2-тиркеме түрүндө);
  • чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
  • буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитация өтпөгөн учурда.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзө алат.

  1. Экинчи этап – Конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга гана катышууга уруксат берилет.

2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3-тиркемесиндеги формага так ылайык толтурулат.

  • Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3-тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Баа/сапат/жеткирүү мөөнөттөрү катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурска табыштаманы берген Катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.

Баалоо критерийлери:

  • Баа/сапат/жеткирүү мөөнөттөрү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
  • Конкурстук табыштаманын жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө жеткирүү келишими түзүлөт.

Келишимди аткарууну камсыздоо кепилдигинин көлөмү жана формасы (мындан ары – КАКК):

  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүү укугу берилген катышуучу (негизги жеткирүүчү) жалпы келишим суммасынын 2% өлчөмүндө КАККны төлөөгө же банктык кепилдикти берүүгө милдеттүү.
  • Эгерде жеңүүчү катышуучу КАККны төлөөдөн баш тартса, буйрутмачы келишимди кийинки катышуучу менен түзүүгө укуктуу.
  • КАКК төмөнкү учурларда буйрутмачынын ырастоосу боюнча жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнүн ичинде кайтарылат:
  • Келишим боюнча милдеттенмелер, анын ичинде бардык кепилдик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) аткарылган учурда;
  • Форс-мажордук жагдайлардан улам келишим токтотулган учурда.
  • КАККны төлөө үчүн банктык эсеп реквизиттери Чакыруунун №3-тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Сиздин конкурстук табыштаманын берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 18-августу, саат 14:00 чейин.

  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды, анын ичинде Келишимдин шарттарына Чакырууга №7-тиркемесине ылайык макул болот.
  • Ар бир тандоо Катышуучусу ар бир Лот боюнча бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн adina.azykova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу суроо-талап алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурстук жараяны жокко чыгарууга укуктуу.

Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө билдирет.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

ИНСТРУКЦИЯ ПО ПОДГОТОВКЕ КОНКУРСНОЙ ЗАЯВКИ

ТЗ НА БОТИНКИ

Приложение №1 к ТЗ на ботинки

ТЗ НА СПЕЦ ОДЕЖДУ С ПРИЛОЖЕНИЕМ №1

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

Приложение №4

Приложение №5

Приложение №6