“Кумтөр” компаниясы Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнө жардам берүүнү улантууда

“Кумтөр” компаниясы Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнө жардам берүүнү улантууда

Жарыяланган: 01 October 2021

Карылар күнү, 1-октябрда, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (КГК) өкүлдөрү Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө бир айлык тез бузулуучу эмес тамак азыктарын жеткирип барышты. Кумтөрчүлөр интернат үйүнө ун (800 кг), шекер (600 кг), гречка (620 кг), күрүч (620 кг), таруу (620 кг), макарон азыктары (620 кг), өсүмдүк майы (300 литр), чай (20 кг), балык консервалары (330 даана) жана тушенка (332 банктар) сыяктуу жалпы суммасы 324 миң сомго тамак-аш азыктарды жеткиришти.

Компания Төмөнкү Серафимовка үйүнүн директору Бактыбек Джунушевдин өтүнүчүн четке какпай жардам берүү чечимин кабыл алды. Азыркы учурда 1 адамга бекитилген тамактануу ченеми күнүнө 100 сомду түзөт. Тамак-аш азыктарына баалардын өсүшүнө байланыштуу социалдык мекеменин жашоочуларын физиологиялык тамактануу ченемдери менен камсыздоо учурда бөлүнгөн каржылоого ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Ал эми бир жолку жардам берүүнүн алкагында керек болгон жардамдын баарын камтуу мүмкүн эмес болгондуктан, КГКнын спонсордук жана кайрымдуулук жардам боюнча комитети, улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү максатында, Төмөнкү Серафимовка үйү үчүн 3 ай бою (октябрь, ноябрь, декабрь) азык-түлүктү сатып алуу сунушун жактырды/колдоду. Керектүү азык-түлүктүн тизмеси жана көлөмү социалдык мекеменин жетекчилиги тарабынан берилди.

“Кумтөр” компаниясы тарабынан бул социалдык мекемеге ушул жыл ичинде үчүнчү жолу ири кайрымдуулук колдоо көрсөтүлүп жатат. Ушул жылдын июнь айында, алардын кайрылуусу боюнча КГК Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө ыңгайлуу жана кенен “Тойота Хайс” микроавтобусун тартуулаган.

Төмөнкү Серафимовка социалдык мекемеси Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жана 1936-жылдан тартып иштейт. Бүгүнкү күндө Төмөнкү Серафимовка үйүндө 304 адам жашайт, анын ичинде эркектер – 195, аялдар – 109.