“Кумтөр” компаниясы Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнө жардам берүүнү улантууда

“Кумтөр” компаниясы Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнө жардам берүүнү улантууда

Жарыяланган: 01 October 2021

Карылар күнү, 1-октябрда, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (КГК) өкүлдөрү Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө бир айлык тез бузулуучу эмес тамак азыктарын жеткирип барышты. Кумтөрчүлөр интернат үйүнө ун (800 кг), шекер (600 кг), гречка (620 кг), күрүч (620 кг), таруу (620 кг), макарон азыктары (620 кг), өсүмдүк майы (300 литр), чай (20 кг), балык консервалары (330 даана) жана тушенка (332 банктар) сыяктуу жалпы суммасы 324 миң сомго тамак-аш азыктарды жеткиришти.

Компания Төмөнкү Серафимовка үйүнүн директору Бактыбек Джунушевдин өтүнүчүн четке какпай жардам берүү чечимин кабыл алды. Азыркы учурда 1 адамга бекитилген тамактануу ченеми күнүнө 100 сомду түзөт. Тамак-аш азыктарына баалардын өсүшүнө байланыштуу социалдык мекеменин жашоочуларын физиологиялык тамактануу ченемдери менен камсыздоо учурда бөлүнгөн каржылоого ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Ал эми бир жолку жардам берүүнүн алкагында керек болгон жардамдын баарын камтуу мүмкүн эмес болгондуктан, КГКнын спонсордук жана кайрымдуулук жардам боюнча комитети, улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү максатында, Төмөнкү Серафимовка үйү үчүн 3 ай бою (октябрь, ноябрь, декабрь) азык-түлүктү сатып алуу сунушун жактырды/колдоду. Керектүү азык-түлүктүн тизмеси жана көлөмү социалдык мекеменин жетекчилиги тарабынан берилди.

Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнүн жетекчилиги улууларга көңүл бөлүп, кам көрүп жана жардам берип жаткандыгы үчүн “Кумтөр” компаниясынын Теңиз Бөлтүрүк баштаган жаңы жетекчилигине терең ыраазычылык билдиришти.

“Кумтөр” компаниясы тарабынан бул социалдык мекемеге ушул жыл ичинде үчүнчү жолу ири кайрымдуулук колдоо көрсөтүлүп жатат. Ушул жылдын июнь айында, алардын кайрылуусу боюнча КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө ыңгайлуу жана кенен “Тойота Хайс” микроавтобусун тартуулаган. Ошондон бери аталган социалдык мекеменин жашоочулары керектүү медициналык мекемелерге унаа менен барышат. Ошондо Теңгиз Бөлтүрүк карылар үйүнүн чоң көйгөйү- суу менен камсыздоо көйгөйүн чечип берүүнү, жана ошондой эле шашылыш жардам катары суу жеткирүү үчүн атайын транспорт берүүнү убада кылган.  Июль айында “Кумтөр” Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө эки тараптуу разгрузка болгон жаңы трактордук самосвалдык прицепти жана жакынкы булактардан таза суу жеткирүү үчүн сегиз 1-тонналык ичүүчү суу идиштерин (еврокуб) тартуулаган. Жакын арада КГК мекемени ичүүчү суу менен камсыздоого жол берген суу скважинасын бургулоо боюнча долбоорду ишке ашыра баштайт.

Төмөнкү Серафимовка социалдык мекемеси Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жана 1936-жылдан тартып иштейт. Бүгүнкү күндө Төмөнкү Серафимовка үйүндө 304 адам жашайт, анын ичинде эркектер – 195, аялдар – 109.