ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ГЕОЛОГИЯЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (геологиялык багыт) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Геология, геологиялык чалгындоо же ага байланыштуу адистиктер боюнча жогорку билим;
- ПК, MS Word жана MS Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
- Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
- Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
- Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.
Милдеттер:
- Геологиялык маалыматтарды чогултууга жана системалаштырууга катышуу;
- Геологиялык маалыматты иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
- Отчеттук документтерди даярдоо жана тариздөө;
- Картографиялык жана техникалык материалдар менен иштөө;
- Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү жана кен казуунун системалары менен таанышуу;
- Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү менен таанышуу;
- Инженерлердин долбоорлор боюнча иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
- Геологдордун жана гидрогеологдордун иштери менен таанышуу;
- Бөлүмдүн адистеринин учурдагы долбоорлорунун алкагында берилген тапшырмаларды аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
- Такшалма графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.