Жарыяланган: 28 August 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-сентябры, саат 16:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу Жеткирип берүүчүлөрдү төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча баа сунуштарын суроо ыкмасы аркылуу өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат:
Документация жана техникалык талаптар ушул суроо-талаптын тиркемелеринде берилген.
| Берүү форматы: | Катышуу үчүн табыштама, коммерциялык сунуштар жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп, мөөр менен күбөлөндүрүлүп, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Катышуучулар катышуу үчүн табыштаманы орус же кыргыз тилинде даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө Toibaeva.Meerim@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 2-сентябры саат 16:00гө чейин жөнөтүү керек.
Башка электрондук почта даректерине келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт. Техникалык тапшырма ушул баа сунуштарын суроо жөнүндө билдирүүгө тиркелет. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
∙ Кызмат көрсөтүү мөөнөтү; ∙ Кызмат көрсөтүү шарттары; ∙ Төлөм шарттары; ∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (мүмкүн болгон эң узак мөөнөттү көрсөтүү өтүнүлөт). |
| – Кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган уруксаттар, лицензиялар/сертификаттар;
1) Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат; 2) Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме; 3) Конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация; 4) Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү; 5) Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана Устав; 6) Техникалык тапшырмада каралган башка документтер; 7) Коммерциялык сунуш; 8) Акыркы 3 жыл үчүн референс-барак. |
|
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон өткөн деп эң төмөнкү бааны жана кызмат көрсөтүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн сунуштаган катышуучу таанылат. |
| Темасында «“Волна” өткөөл базасында коопсуздукту камсыздоо кызматтарын көрсөтүү» деп көрсөтүлгөн сунуштар Toibaeva.Meerim@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 1-сентябры саат 16:00гө чейин жөнөтүлүү керек. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди ыйгарууга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш компаниянын расмий бланкында таризделиши керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өз макулдугун билдирет. Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоо боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: | |
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: