ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 06 March 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Туруктуу Өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык, инженердик, экономикалык жана юридикалык билим;
  • Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуу көндүмдөрү, анын ичинде кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү;
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • Күчтүү пландаштыруу жана уюштуруу жөндөмү, ишти кыска мөөнөттө бүтүрүү жөндөмдүүлүгү;
  • Натыйжалуулук жана командада иштөөгө каалоо.

Милдеттер:

  • Бөлүмдүн кириш жана чыгыш каттарын эсепке алуу;
  • Жооптордун долбоорлорун даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • КГКнын ММКлары үчүн керектүү маалыматты даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Уставдык документтер боюнча маалыматтарды чогултуу;
  • Командалар программасында документтерди эсепке алуу;
  • Келишим түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Котормонун маанилик тактыгын көзөмөлдөө;
  • Иштиктүү каттарды которууга жана түзүүгө жардам берүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 11-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.