(ТОЛУКТАЛДЫ) «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ЛОНДОНДО ӨТКӨН «MINEX EURASIA 2023» 11-ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

(ТОЛУКТАЛДЫ) «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ЛОНДОНДО ӨТКӨН «MINEX EURASIA 2023» 11-ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

Жарыяланган: 28 November 2023

Конференция «Кыргыз Республикасында, Арменияда, Монголияда, Казакстан жана Өзбекстанда туруктуу тоо-кен өндүрүшү» деген жалпы теманын алкагында өтүп, тоо-кен жана металлургиялык компанияларга, инвесторлорго, финансисттерге, мамлекеттик жөнгө салуучуларга жана кызмат көрсөтүүчүлөргө арналган.

Конференцияда Алмазбек Барыктабасов компаниянын туруктуу ишмердүүлүгү, өнүгүүсү, геологиялык чалгындоо жана жаңы кендерди өздөштүрүү пландары боюнча кенен баяндама жасады.

Дүйнөнүн алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери жана эксперттери менен болгон сессиялык талкуунун жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси алтын казып алуу боюнча акыркы технологиялык чечимдер менен таанышты. Конференциянын катышуучулары өндүрүштү уюштуруу, коопсуздук эрежелерин жана экологиялык талаптарды сактоо жаатында да тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.

MINEX Eurasia эл аралык конференциясы 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана Евразия аймагында тоо-кен тармагы боюнча кызматташтыкка багытталган ири инвестициялык аянтча болуп эсептелет.