ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫН, ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАРЫН, ПЛОТТЕР ҮЧҮН КАГАЗЫН, ЧАРБАЛЫК-ТИРИЧИЛИК ТОВАРЛАРЫН, ЖАЛЮЗИЛЕРДИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 10 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-июлу, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык төмөнкү товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жол-жобосуна катышууга чакырат: тиричилик техникасы, тазалоочу каражаттар, плоттер үчүн кагаз, чарбалык-тиричилик товарлары, жалюзи.
Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).
Жалпы талаптар
- Сунушка келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү (эгер бар болсо) басылышы керек.
- Документтерди тапшыруу форматы — PDF.
- Каттын темасы төмөнкүдөй болуш керек:
«Жеткирүүгө баа сунуштарына суроо-талап [компаниянын аты]»
- Сунушту төмөнкү электрондук дарекке жиберүү керек:
zaproskotirovok@kumtor.kg
- Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка жеткирүү боюнча тажрыйба жок болсо, анда шилтемедеги документтерди толтуруу менен квалификация/аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү керек: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 30-июлунда саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Сунуштун курамы
Сунушта төмөнкүлөрдү белгилөө керек:
- Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
- Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
- Байланыш маалыматы: юридикалык дареги, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги;
- Сунушту даярдоо күнү, кол коюу жана мөөр басуу;
- Сунушталган товардын аталышы;
- Товардын техникалык сүрөттөмөсү жана фотографиялары;
- Товардын бирдигинин баасы, анын ичинде бардык колдонулуучу салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүү;
- Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы/Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станциянын коду 721900;
- Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (30 календардык күндөн кем эмес);
- Товрады жеткирүү мөөнөтү;
- Төлөм шарттары: 100% кийин төлөө же алдын ала төлөө учурунда алдын ала төлөө суммасына банк кепилдигин берүү.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла алат.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР