ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында АЫФтын өндүрүштүк бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Түстүү металлдардын металлургия”, “Кен байлыктарын байытуу” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • АЫФтын майдалоо, флотациялоо, выщелачивание, көмүрдүн десорбциясы, реагенттерди даярдоо участогу сыяктуу технологиялык участокторунда практика өтүү;
  • АЫФтын технологиялык жабдууларынын негизги техникалык мүнөздөмөлөрүн, технологиялык процессин, өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
  • Башкаруу ыкмалары, технологиялык процессти көзөмөлдөө жана параметрлерди өлчөө;
  • Белгиленген нормаларга ылайык технологиялык чен-өлчөмдөрдү жана анализдерди, физика-химиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.