ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНА 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Түстүү металлдардын металлургиясы” же “Кен байлыктарын байытуу” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Белгиленген нормаларга ылайык технологиялык чен-өлчөмдөрдү жана анализдерди, физика-химиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү.
  • Эксперименттик иштерди жүргүзүү, өндүрүштүк сыноолорго катышуу.
  • Бекитилген формаларга ылайык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.