ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан БУХГАЛТЕРИЯ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Экономика»; багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү; 

Милдеттер:

  • Документтерди архивдөө.
  • Бухгалтердик проводкаларды даярдоого, маалыматтарды чогултууга жана талдоого жардам көрсөтүү.
  • Ар кандай тапшырмаларды аткаруу.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат..

Предыдущая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.