SOC ОКУЯЛАРЫН МОНИТОРИНГДӨӨ КЫЗМАТТАРЫН СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ЧЕКТӨӨСҮЗ КАТЫШУУ МЕНЕН БИР БАСКЫЧТУУ ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН КОНКУРС

SOC ОКУЯЛАРЫН МОНИТОРИНГДӨӨ КЫЗМАТТАРЫН СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ЧЕКТӨӨСҮЗ КАТЫШУУ МЕНЕН БИР БАСКЫЧТУУ ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН КОНКУРС

Жарыяланган: 28 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-сентябры, саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сервис-келишим шарттарында SOC окуяларын мониторингдөө кызматтарын көрсөтүү боюнча бир баскычтуу эки топтомдон турган жол-жобо аркылуу өткөрүлүүчү чектөөсүз катышуудагы конкурсқа катышууга чакырат.

Берүү форматы: Бардык документтер катышуучунун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлуп, PDF форматында берилүү керек.
Сунуштарды берүү тартиби: Конкурска катышуучулар конкурстук табыштаманы орус тилинде даярдап, аны электрондук түрдө [email protected] дарегине 2026-жылдын 07-сентябры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.

Конкурстук табыштама катышуучу тарабынан кулактандырууда көрсөтүлгөн электрондук дарекке документтерди жөнөтүү аркылуу эки топтомдон турган өзүнчө (файл) түрүндө электрондук форматта берилет.

Биринчи топтом – квалификациялык

Биринчи топтом катышуучунун конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келерин ырастоочу документтерди камтууга тийиш.

Биринчи топтомдогу документтер ачык түрдө (архивделбестен жана сыр сөзү жок) жөнөтүлүү керек.

Экинчи топтом – коммерциялык сунуш

Коммерциялык сунушту камтыган экинчи топтом төмөнкү талаптарга ылайык болушу керек:

  • ZIP же RAR архивине таңгакталышы керек;
  • Сыр сөз менен корголушу керек.

Экинчи топтом камтылган архив биринчи топтом менен бир убакта жөнөтүлөт, бирок архивдин сыр сөзү конкурстун биринчи баскычынан ийгиликтүү өткөн катышуучулардан Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча гана суралат.

Конкурстун биринчи баскычы аяктаганга жана катышуучуларды кийинки баскычка өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин экинчи топтомдун документтери ачылбайт жана сыр сөз суралбайт.

Электрондук каттын темасында төмөнкүнү көрсөтүү сунушталат:

«SOC конкурсу – Биринчи жана Экинчи топтом – (катышуучунун аты-жөнү)»

Эгерде тиркелген файлдардын көлөмү электрондук почтанын уруксат берилген чегинен ашып кетсе, конкурстук табыштаманы бир нече кат менен жөнөтүүгө болот. Мында каттын темасында бөлүктүн номери көрсөтүлүшү керек (1-бөлүк, 2-бөлүк ж.б.).

Белгиленген тартипти бузуу менен берилген же эки пакет тең камтылбаган конкурстук табыштамалар четке кагылышы мүмкүн.

Маанилүү!!!

 

Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.

Эгер каттын көлөмү көрсөтүлгөн чектен ашып кетсе, конкурстук табыштама бир нече кат менен жөнөтүлүп, ар бир каттын темасында тиешелүү бөлүктүн номери көрсөтүлүшү керек.

Конкурстук табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:

 

1.   Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме (№1-тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

2.   Конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдөөчү декларация (№2-тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

3.   Катышуучунун анкетасы (№3-тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

4.   Коммерциялык сунуш (№4-тиркеме, конкурстук табыштаманын экинчи топтому);

5.   Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк/патенттин көчүрмөсү, бул адамдын жеке ишкер катары катталгандыгын тастыктаган документ же жеке ишкер катары милдеттүү түрдө катталуу же патент алуу жөнүндө кепилдик кат (биринчи топтому);

6.   Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү же адамды күбөлөндүргөн башка документ (конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

7.   Иш тажрыйбасын ырастоочу документтер же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болгон учурда жана талап кылынса), келишимдердин көчүрмөлөрү (конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

8.   Келишим боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн банктык реквизиттер (болгон учурда) (конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

9.   Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

10.           МСКБнын алдында карызы жоктугу жөнүндө маалымкат (ЖИ бар болгон учурда) (конкурстук табыштаманын биринчи топтому);

11.           Техникалык тапшырмада каралган башка документтер (конкурстук табыштаманын биринчи топтому).

 

Конкурсту өткөрүү тартиби жана баалоо критерийлери

 

Конкурс чектелбеген катышуу менен бир баскычтуу, эки топтомдуу жол-жобо боюнча өткөрүлөт.

Биринчи баскычта конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештиги боюнча берилген документтердин негизинде конкурстук табыштамалар каралат жана бааланат.

Биринчи баскычтын талаптарына жооп берген деп таанылган талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Экинчи баскычта биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн талапкерлер үчүн экинчи топтом, башкача айтканда коммерциялык сунуштар ачылат жана конкурстук документтерде белгиленген тартипте каралат.

Биринчи баскычтан өтпөгөн же талап кылынган документтердин толук топтомун бербеген катышуучулар экинчи баскычка киргизилбейт.

Кошумча шарттар:

 

Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу.

Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук сунуштар каралбайт.

Буйрутмачы каалаган сунушту четке кагууга же келишим берилгенге чейин конкурсту жокко чыгарууга укуктуу жана мында катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт.

Конкурстук сунушту берүү катышуучунун конкурстун бардык шарттарына макул экендигин билдирет.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн байланыш маалыматтары: Бардык суроолорду төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: Nurila.Bakirova@kumtor.kg.

Сурамдар табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда кабыл алынат.

Тиркемелер: 1.  SOC окуяларына мониторинг жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү боюнча Техникалык тапшырма.

2. Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме (№1 тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому).

3.   Конкурстук табыштаманын аткарышын кепилдеген декларация (№2 тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому).

4. Катышуучунун анкетасы (№3 тиркеме, конкурстук табыштаманын биринчи топтому).

5. Коммерциялык сунуш (№4 тиркеме, конкурстук табыштаманын экинчи топтому).

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР