СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА УНИВЕРСАЛ ЖУМУШЧУ

СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА УНИВЕРСАЛ ЖУМУШЧУ

Жарыяланган: 07 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-июлу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК «универсал жумушчунун кызматын көрсөтүү» боюнча (сервис-келишим шарттарында) катышууга чектөөсү жок эки пакеттүү конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.  Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.
Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Конкурстун катышуучулары конкурстук табыштаманы кыргыз тилинде даярдап, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө тийиш: universal.2@kumtor.kg2026-жылдын 17-июлу, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин.

Табыштама эки өзүнчө файл (пакет) түрүндө жөнөтүлөт:

  1. Биринчи пакет — квалификациялык

Биринчи пакет катышуучунун конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди камтууга тийиш.

Биринчи пакеттин документтери ачык түрдө (архивделинбей жана сырсөзсүз) жөнөтүлөт.

  1. Экинчи пакет — коммерциялык сунуш

Экинчи пакет, анда коммерциялык сунуш камтылат, төмөнкүдөй болушу керек:

  • архивге (ZIP же RAR) салынышы;
  • сырсөз менен корголушу керек.

Экинчи пакет камтылган архив биринчи пакет менен бир убакта жөнөтүлөт, бирок архивдин сырсөзү Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча гана конкурстун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга берилет.

Конкурстун биринчи этабы аяктаганга жана катышуучуларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин экинчи пакет ачылбайт жана сырсөз ачыкка чыгарылбайт.

Электрондук каттын темасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү сунушталат:
« универсал жумушчу – Биринчи пакет/Экинчи пакет – (катышуучунун аты-жөнү)».

Белгиленген тартип бузулуп берилген же эки пакетти тең камтыбаган конкурстук табыштамалар четке кагылышы мүмкүн.

Маанилүү!!! Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.

Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл:

1. «Сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк.

2. «Сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк, жана андан ары.

Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт.

Сунуштарды баалоо 2 баскычта жүргүзүлөт:

1-баскыч — катышуучунун квалификациялык маалыматтарын баалоо;
2- баскыч — квалификациялык баалоодон өткөн катышуучулар менен интервью өткөрүү.

Конкурска катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: 1) Акниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;

2) Катышуучу тарабынан толтурулган конкурстук документацияга карата тиркемелер;

3) Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк / патент — адамдын жеке ишкер катары катталганын тастыктайт же жеке ишкер катары катталуу же патент алуу боюнча кепилдик кат;

4) Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү же инсандыгын тастыктаган башка документ — жеке жакты идентификациялоо үчүн;

5) Иш тажрыйбасын тастыктаган документтер же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо жана талап кылынган учурда);

6) Банк реквизиттери — келишим боюнча төлөмдөрдү которуу үчүн (бар болсо);

7) Квалификацияны тастыктаган сертификаттардын, дипломдордун көчүрмөлөрү (бар болсо);

8) Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

9) МСКБдан карызы жоктугу тууралуу маалымкат;

10) Техникалык тапшырмада каралган башка документтер.

Баалоо критерийлери: Тандоодон өткөн деп саналган сунуш – бардык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш болуп эсептелет.
«Универсал» темасындагы сунуштарды universal.2@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 17-июлу, (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же

четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул

үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.

Конкурстук сунушка кол коюлушу керек.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат.

Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул конкурс боюнча бардык суроолор Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР