Жарыяланган: 21 May 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-майы, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспектиси 262 дареги боюнча Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын көрсөтүү боюнча баа сунуштарын суроо ыкмасы менен өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Табыштама жана тиркелген документтерге кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди алууга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.
Бардык документтер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же уюштуруучу жана/же тескөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. Коммерциялык сунуш Катышуучунун расмий бланкында таризделиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Тандоого катышуучулар конкурстук сунушту ушул чакыруу жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык бериши керек.
Конкурстук сунуш электрондук түрдө төмөнкү электрондук почта дарегине Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg 2026‑жылдын 28‑майы саат 11:00 чейин, Бишкек убактысы боюнча жөнөтүлөт. Конкурстук сунуштар: • башка электрондук дарекке жөнөтүлгөн; Ар бир тандоого катышуучу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:
|
Катышууга үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:
1. Катышуучунун расмий бланкында таризделген коммерциялык сунуш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: – кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы; – төлөм шарттары; – Техникалык тапшырмага ылайык кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү; – коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 календардык күн түзүшү керек. 2. Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин тастыктоо (өзүнчө тастыктоочу кат түрүндө же коммерциялык сунуштун текстине киргизилген болушу керек). |
| Баалоо критерии: | Конкурстун жеңүүчүсү деп Техникалык тапшырмага толук ылайык келген, бардык талап кылынган документтер менен тастыкталган жана эң төмөн бааны сунуштаган сунуш таанылат. |
| Сунушту төмөнкү электрондук почта дарегине Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg 2026‑жылдын 28‑майы саат 11:00 чейин, Бишкек убактысы боюнча жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурс процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. | |
| Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт. | |
| Аванстык төлөм каралган учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө аванстык төлөмдү камсыздоочу банктык кепилдикти берүүгө милдеттүү.
Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонушу керек. Банктык кепилдикти авизолондурууга байланыштуу бардык чыгымдарды Жеткирип берүүчү көтөрөт. Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек. |
|
Техникалык тапшырмага
Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспектиси 262 дареги боюнча Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын көрсөтүү боюнча
| № | Сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө (сатып алуунун предмети) коюлуучу талаптардын параметрлери |
Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу так талаптар |
| 1.
|
Аталышы / түрү саны / көлөмү өлчөө бирдиги |
Интернет тармагына кошулуунун кепилденген ылдамдыгы: 500 Мбит/с, трафик көлөмү чектелбеген (симметриялуу, кирүүчү жана чыгуучу). |
| 2.
|
Товарды жеткирүү, кызмат көрсөтүү / жумуш аткаруу жери |
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспектиси 262. |
| 3 | Жеткирип берилүүчү товарларга, аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлуучу талаптар |
1. Аткаруучу кеминде эки көз карандысыз, жогорку деңгээлдеги Интернет‑каналдарга ээ болушу керек;
2. Буйрутмачынын тармагына кошулуу үчүн интерфейс түрү — кабелдик Ethernet интерфейси (RJ‑45); 3. Интернетке жеткиликтүүлүк кызматын көрсөтүү мезгилинде Аткаруучу Ethernet кабелин (буралган жуп Cat5e, Cat6, Cat6a жана андан жогору) камсыз кылууга тийиш, кабель аркылуу маалымат берүү ылдамдыгы 1 Гигабиттен кем эмес болушу керек; 4. Кошулуу протоколу — Ethernet; 5. Аткаруучу интернет‑трафик алмашуу борборлорунун (АОС) катышуучусу болушу керек; 6. Аткаруучу Буйрутмачыга өзүнүн автономдук тутумунан /27 өлчөмүнөн кем эмес (тармактык маска 255.255.255.224) коомдук IP‑даректер блогун бериши керек; 7. Аткаруучу Интернет‑каналдын үзгүлтүксүз иштешин жумасына 7 күн, суткасына 24 саат камсыз кылууга милдеттүү. Жеткирип берүүчүнүн жана/же Жеткирип берүүчүнүн жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүчү провайдеринин Интернет‑каналдын ишине таасир тийгизе турган бардык техникалык иштер жөнүндө Буйрутмачыны кеминде 3 (үч) календардык күн мурда кабардар кылуу зарыл; 8. Аткаруучу көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн сутка бою иштеген техникалык колдоо кызматына жана өзүнүн маалымат берүү тармагынын жабдууларын мониторинг кылуу тутумуна ээ болушу керек; 9. Аткаруучу кызмат көрсөтүүчү провайдер (ISP) деңгээлиндеги жогорку өндүрүмдүү жабдууларды колдонуу менен иштен чыгууга туруктуу тармактык топологияга ээ болушу керек; 10. Жеткирип берүүчүнүн тармагында жүргүзүлө турган жана Буйрутмачынын Интернет‑каналынын ишине таасир тийгизе турган бардык иштер жөнүндө Буйрутмачыны кеминде 3 (үч) календардык күн мурда кабардар кылуу зарыл. |
| 4 | Жумуштарды аткаруунун тартиби (ырааттуулугу, баскычтары)
|
Монтаждоо жана кошуу: Провайдердин кирүү чекитинен Буйрутмачынын жабдууларына чейин кабель тартуу; Жабдууларды тармакка кошуу, туташууну текшерүү; Ылдамдыкты жана туташуунун туруктуулугун баштапкы тестирлөө. |
| 5 | Товарларды, кызматтарды, жумуш жыйынтыктарын тапшыруу жана кабыл алуу тартиби | Интернет‑канал келишимге кол коюлганга чейин 2 (эки) жумушчу күн мурда Буйрутмачыга тестирлөө үчүн берилиши керек. Тестирлөө мөөнөтү аяктагандан кийин (эки жумушчу күн), Интернет‑канал коюлган талаптарга шайкеш келген учурда Интернетке жеткиликтүүлүк кызматын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлат. |
| 6 | Товарды жеткирүү, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу мөөнөттөрү | Келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жыл. |
| 7 | Кепилдик милдеттенмелер | Аткаруучу кызматты SLA жеткиликтүүлүгү кеминде 99,5% деңгээлде камсыз кылышы керек. |