ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРАП АЛУУ: ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫ, БРЕНДДЕЛГЕН ПРОДУКЦИЯ, ЭМЕРЕК, ЖУУЧУ ЖАНА ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР, ЖОГОРКУ БАСЫМДАГЫ АППАРАТ, СЫНАМЫКТАР ҮЧҮН КАПТАР, ПЛОТТЕР ҮЧҮН КАГАЗ, ЧАРБАЛЫК-ТИРИЧИЛИК ТОВАРЛАРЫ, ЖАЛЮЗИ

ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРАП АЛУУ: ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫ, БРЕНДДЕЛГЕН ПРОДУКЦИЯ, ЭМЕРЕК, ЖУУЧУ ЖАНА ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР, ЖОГОРКУ БАСЫМДАГЫ АППАРАТ, СЫНАМЫКТАР ҮЧҮН КАПТАР, ПЛОТТЕР ҮЧҮН КАГАЗ, ЧАРБАЛЫК-ТИРИЧИЛИК ТОВАРЛАРЫ, ЖАЛЮЗИ

Жарыяланган: 05 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 12-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык төмөнкү товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жол-жобосуна катышууга чакырат: тиричилик техникасы, брендделген продукция, эмерек, жуучу жана тазалоочу каражаттар, жогорку басымдагы аппарат, сынамыктар үчүн каптар, плоттер үчүн кагаз, чарбалык-тиричилик товарлары, жалюзи.

Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).

Жалпы талаптар

  1. Сунуш, коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу жана уюмдун мөөрү менен бекитилиши керек (бар болсо).
  2. Берилүүчү документтердин форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болушу керек:
    «[компаниянын аталышы] товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу»
  4. Сунуш төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
    Zarina.Andasheva@kumtor.kg
  5. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка буга чейин жеткирүү тажрыйбасы жок болгон учурда, төмөнкү шилтеме боюнча документтерди толтуруу аркылуу квалификациядан/аккредитациядан өтүү талап кылынат:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында таризделиши керек.

Сунуштун мазмуну

Сунушта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы
  3. Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефону, жооптуу адамдын электрондук почтасы
  4. Сунуш түзүлгөн дата, кол тамга жана мөөр
  5. Сунушталып жаткан товарлардын аталышы
  6. Товарлардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү
  7. Бардык тиешелүү салыктарды жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү камтыган бир даана товар үчүн баа.
  8. Жеткирүү жери: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы / Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станция коду 721900
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
  10. Товарды жеткирүү мөөнөттөрү

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР