КЕНЖЕ БИЗНЕС-АНАЛИТИК/МТ ДОЛБООРЛОРУНУН КЕНЖЕ МЕНЕДЖЕРИ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

КЕНЖЕ БИЗНЕС-АНАЛИТИК/МТ ДОЛБООРЛОРУНУН КЕНЖЕ МЕНЕДЖЕРИ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

Жарыяланган: 15 August 2023

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 28.08.2023, 16:00го чейин.

Кумтөр Голд КомпаниЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
КЕНЖЕ БИЗНЕС-АНАЛИТИК/МТ ДОЛБООРЛОРУНУН КЕНЖЕ МЕНЕДЖЕРИ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

Билдирүүнүн номери: KGC-23-107

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • МТ долбоорлорунун максаттарын, пайдасын аныктоо, МТ долбоорлорунун техникалык-экономикалык негиздемелерин эсептөө (business cases);
  • Анализ процесстерин жана бизнес процесстеринин (as is, to be) сыпаттоосун башкаруу жана көзөмөлдөө;
  • Системага болгон талаптарды user stories / use cases /маалымат системасына ТТ түрүндө түзүлүшүн башкаруу жана көзөмөлдөө;
  • МТ долбоорлорунун аткарылышын башкаруу жана көзөмөлдөө;
  • МТ долбоорлорун жана маалыматтык системаларды өндүрүштүк эксплуатацияга кабыл алуу-өткөрүп берүү;
  • Бизнес-процесстерди сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо жана салыштырмалуу анализ жүргүзүү;
  • Маалымат системаларын тандоо боюнча пилотторго катышуу (маалымат системаларынын талашсыз тандоосу жок болгон учурда).

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар багытында жогорку билим;
  • Иш тажрыйбасы:
    – маалыматтык системалар тармагында – 3 жылдан кем эмес;
    – МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;
    – Microsoft Office 365 Power Platform, Power Apps (Canvas, Model-Driven, Portal), Power Automate (артыкчылык болуп саналат) сыяктуу тиркемелери менен иштөө – 1 жылдан кем эмес;
    – SharePoint Online платформасында Workflow иштеп чыгууда – 1 жылдан кем эмес;
    – колдонмо программалык жабдуулардын тест скриптерин түзүүдө жана иштеп чыгууда-1 жылдан кем эмес;
    – SharePoint Online/Power Apps платформасында корпоративдик чечимдерди долбоорлоодо.
    Документ китепканаларын жана тизмелерди, көрүнүштөрдү, формаларды түзүүдө жана редакторлоодо, кирүү укуктарын орнотууда – 1 жылдан кем эмес;
    – таанымал CMS системалары (WordPress, Joomla, Drupal etc.) жана веб макеттери (верстка) менен иштөөдө – 1 жылдан кем эмес;
    – реляциялык Маалымат базаларын башкаруу системалары менен иштөө, маалыматтарды транзакциялык иштеп чыгууну билүү – 1 жылдан кем эмес;
    – API, Cloud and Native кызматтарын колдонуу менен микро-сервистик архитектурада прорграммалоо;
    – булуттук технологиялар менен (PaaS, SaaS) иштөөдө.
  • Атайын көндүмдөрү жана билими:
    – Delphi, C#, Java программалоо тилдеринин биринде объектиге багытталган программалоо;
    – ANSI SQL, MS SQL, PostgreSQL, JavaScript, TypeScript, CSS3, HTML5 тилдерин билүү;
    – маалыматтык технологиялар боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли, COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK стандарттарын бирин билүү;
    – стандарттарды, процесстерди, иштеп чыгуу куралдарын, тестирлөөнү, процесстердин метрикасын жана коддун сапатын чогултууну билүү (CI/CD, DevOps техникалык практикалары, Open Stack), пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетүү жана контролдоо көндөмдөрү;
    – жогорку коммуникация көндүмдөрүнө ээ болуу.
  • Тилдерди билүүсү:
    – Орус тили – эркин;
    – Кыргыз тили – кубатталат;
    – англис тили – орто (Upper Intermediate) же жогорку деңгээлде (Advanced) билүү.

Анкета жана резюме 2023-жылдын 28-августу саат 16:00дөн кечиктирилбестен HR@kumtor.kg электрондук дарегине берилиши керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-107 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

АҢГЕМЕЛЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.