КЕЛЕЧЕККЕ БИРГЕ: ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИРИНЧИ КЛАССТЫН 400 ОКУУЧУСУ КУМТӨРДӨН ЖАРДАМ АЛДЫ

КЕЛЕЧЕККЕ БИРГЕ: ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИРИНЧИ КЛАССТЫН 400 ОКУУЧУСУ КУМТӨРДӨН ЖАРДАМ АЛДЫ

Жарыяланган: 29 August 2023

«Кумтөр Голд Компани» кыргыз экономикасынын флагманы жана социалдык жоопкерчиликтүү компания катары кайрымдуулук иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.
Алыскы региондорду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү компаниябыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Учурда «Кумтөр» коомдук уюмдар, бирикмелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишенимдүү өнөктөш катары туруктуу иш алып барууда.

Жакында эле 1 сентябрь – Билим күнүнө карата «Кумтөр Голд Компани» тарабынан Ысык-Көл облусундагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн алгачкы ирээт мектеп босогосун аттаган балдарына жардам көрсөтүлдү. Керектүү канцелярдык товарлар менен толтурулган 400 рюкзак таратылды. Албетте, берилген жардамдар бардык муктаждыктарды толук чече албайт. Бирок чын ниеттен жасалган бул белек, жеткинчектерибизге жагымдуу маанай тартуулап, аларды боорукерликке тарбиялайт деп ишенебиз. Мындай акциялар бир жолку эмес жана компания тарабынан ар дайым туруктуу негизде ишке ашырылып турганы биз үчүн өтө маанилүү.

Ошол эле учурда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жергиликтүү бийликтин жалпы элдин муктаждыгы үчүн зарыл болгон өтүнүчтөрүн да чечип берүүгө аракет кылып келет. Ушул жылдын февраль айында Каракол шаары үчүн таштанды ташуучу унаа сатып берүү тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Аталган өтүнүч канааттандырылып, «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 18 метр куб көлөмдө болгон таштанды ташуучу унаа 7 900 000 сомго сатылып алынып, Каракол шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилди.