ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 15 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Кен ишканасынын персоналды башкаруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билим алгандыгы тууралуу диплом (ар кандай багыттагы), иш стажы жок;
  • Заманбап программалык-техникалык каражаттарды жана оргтехниканы мыкты билүү;
  • Коммуникациянын мыкты көндүмдөрүн билүү;
  • Демилге жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Тилдерди билүүсү: кыргыз тили, орус тили, англис тили (базалык).

Милдеттери:

  • Кадрдык башкаруу функцияларын аткаруу;
  • Талапкерлердин медициналык кароого, тиешелүү тренингдерге байланыштуу бардык процедуралардан өтүү процесстерин көзөмөлдөө;
  • Окуп үйрөнүүгө ак ниеттүүлүк менен мамиле кылуу;
  • Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу;
  • Ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо (Компаниянын жоболорун);
  • Жетекчинин кызматына тиешелүү тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2023-жылы 28-август саат 17.00 кечикпестеншилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.