ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 14 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Юриспруденция», «Экономика», «Менеджмент», «Социология», «Маалымат технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу;
  • Компьютер жана MS Office, Google Docs, Zoom программаларында иштей билүү;
  • Англис тилин жакшы билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Окуу арыздарын иштеп чыгуу жана окуу графигин түзүүгө жардам берүү;
  • Ар кандай окутууларга кɵмɵктɵшүү;
  • Окутуу маалымат базалары менен тапшырмаларды аткаруу;
  • Документтер менен иштөөдө көмөк көрсөтүү;
  • Окутууда техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

2023-жыл 25-сентябрь саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.