Маалыматтык билдирүү
2011-жылдын 6-декабры

Маалыматтык билдирүү
2011-жылдын 6-декабры

Жарыяланган: 06 December 2011

Перевалочная база Кумтор Оперейтинг Компани в г.Балыкчы
Бүгүн, 2011-жылдын 6-декабрында, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасынын иши адаттагыдай калыбына келтирилди. Пикетчилер өздөрүнүн каршылык акциясын токтотушту.

Кечээ Ысык-Көл областынын губернатору жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрү Балыкчы шаарында митингге чыккандар менен жолугушту. Губернатор жана компаниянын өкүлдөрү ишкананын ишинин туруктуулугун сактоонун Кыргыз Республикасы үчүн маанилүүлүгүн түшүндүрүштү, ошондой эле чогулгандарды компаниянын региондо жана Балыкчы шаарында иштөө боюнча пландары менен да тааныштырышты. Өткөрүлгөн жолугушуудан кийин митингге чыккандар компаниянын өткөөл базасын бөгөөнү токтотууга макул болушту.

Бүгүн эртең менен компания кен ишканасына зарыл материалдарды берүүнү жаңыртты.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар.