МЕДИЦИНАЛЫК КЫЧКЫЛТЕКТИ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

МЕДИЦИНАЛЫК КЫЧКЫЛТЕКТИ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

Жарыяланган: 10 August 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-августу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК сиздерди медициналык кычкылтекти жеткирүүгө котировкаларды суроо жолу менен жеткирип берүүчүнү тандоого катышууга чакырат.

Баяндама Саны
ГАЗ, КЫЧКЫЛТЕК (МЕДИЦИНАЛЫК МАКСАТТАР ҮЧҮН) 40 ЛИТРЛИК БАЛЛОНДОРДО, Р-30, Р-34 ЖАНА ГС-10 ИЗОЛЯЦИЯЛООЧУ АППАРАТТАРДЫН КИЧИ КӨЛӨМДҮҮ БАЛЛОНДОРУН ТОЛТУРУУ ҮЧҮН, ГОСТ 5583–78 БОЮНЧА, ТАЗАЛЫГЫ 99,5%дан КЕМ ЭМЕС КЫЧКЫЛТЕК ГАЗЫ, КӨЛӨМҮ 40 ЛИТР БОЛГОН ЖОГОРКУ БАСЫМДУУ БАЛЛОН, БАЛЛОНДОГУ БАСЫМЫ 150 АТМдан КЕМ ЭМЕС 10 баллон

 

Тапшыруу форматы: Котировкалык сунуш (мындан ары – КС) PDF форматында болууга тийиш жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлуп тапшырылышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби Тандоонун катышуучулары кыргыз же орус тилдеринде КС даярдап, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек [email protected] 2026-жылдын 14-августу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн сунушталган Коммерциялык Сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:  

·         Жеткирүү мөөнөттөрү;

·         Жеткирүү шарттары;

·         Төлөм шарттары;

·         Товарлардын чыгарылган датасы;

·         КС жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

·         Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берүү.

Жеткирүү жери ·         EXW (Берүүчүнүн Бишкек шаарындагы кампасынан өз алдынча алып кетүү)
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү деп талаптарга жооп берген жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
Темасы: «Медициналык кычкылтек» деп көрсөтүлгөн сунуштар [email protected] электрондук почта дарегине 2026-жылдын 14-августу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы КС берген тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин келишим берилгенге чейин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу.
Котировкалык сунуш ишкананын расмий бланкында кол коюлуп жана мөөр менен таризделиши керек
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана котировка сунушун бере алат.

Котировкалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо учурунда КСка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

      Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркыуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
        Тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.