МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНҮН КИБЕРКООПСУЗДУК ЖАНА ЫКЧАМ АРАКЕТТЕНҮҮ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 16 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 23.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн киберкоопсуздук жана ыкчам аракеттенүү тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун негизги принциптерин жана негизги маалыматтык коопсуздук каралмаларынын иштөө логикасын (антивирустар, SIEM, кирүү мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө ж.б.) базалык түрдө түшүнүү;
- Тармактык технологиялар жана OSI/TCP‑IP моделдери боюнча негизги билим;
- Негизги тармактык протоколдордун иштөө принциптери жөнүндө түшүнүк: TCP, UDP, DNS, HTTP, HTTPS, ARP, ICMP;
- Windows жана Linux операциялык системаларында негизги деңгээлде иштей билүү жөндөмдөрү;
- Кызматтардын, процесстердин иштөө принциптерин жана операциялык системанын коопсуздугун жөндөөну түшүнүү;
- Окуялар журналдары (event logs) эмне экенин жана алар эмне үчүн колдонулаарын билүү;
- Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы боюнча негизги түшүнүк.
Милдеттер:
- Маалыматтык коопсуздук боюнча окуяларды мониторинг кылууда жардамчы катары колдоо көрсөтүү, анын ичинде келип түшкөн инциденттерди алдын ала иргөө жана классификациялоо;
- Маалыматтык коопсуздук системалардан логдорду, техникалык маалыматты чогултуу жана баштапкы иштетүү;
- Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерине ички документтерди жана нускамаларды жаңыртуу менен бирге маалыматтык коопсуздукту камсыздоо процесстерин колдоодо көмөктөшүү;
- Киберкоопсуздук инциденттерин башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук боюнча тобокелдиктерди башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук боюнча кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларга көмөктөшүү жана аларды ишке ашыруу (мисалы, материалдарды, эскертмелерди жана билдирүүлөрдү даярдоо).
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 23-февралында саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.