МААЛЫМАТ БРОШЮРАЛАРЫН ЖАНА ВИЗИТ КАРТАЛАРЫН ДАЯРДОО БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

МААЛЫМАТ БРОШЮРАЛАРЫН ЖАНА ВИЗИТ КАРТАЛАРЫН ДАЯРДОО БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

Жарыяланган: 27 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-апрели, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын филиалы болгон Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод (мындан ары – «ДКЗ») Сиздерди Спецификацияга ылайык Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод үчүн маалыматтык брошюраларды жана визиттик карточкаларды даярдоо боюнча сынакка катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.

Тапшыруу тартиби: Тандоодон өтүүчү катышуучулар сынактын талаптарына ылайык арыз берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 30 апрельдин  саат 15:00дөн Asem.Bayakunova@KUMTOR.KG кечиктирбестен электрондук дарегине  «Буклеттерди жана визиттик карточкаларды чыгаруу».» темасын көрсөтүп, электрондук түрдө жөнөтүшү керек.

Катышуу үчүн арызда төмөнкү документтер камтылышы керек:

  • Тейлөө шарттарын, төлөө шарттарын жана коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен коммерциялык сунуш (максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз). Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. Коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтү 30 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.
  • Уставдын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин сканерден өткөн көчүрмөсү.

Баалоо критерийлери: Эң аз чыгым жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.

Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду Asem.Bayakunova@KUMTOR.KG электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Спецификациясы