«Кумтөр Оперейтинг Компани» балдарды Жаңы жыл менен куттуктоодо

«Кумтөр Оперейтинг Компани» балдарды Жаңы жыл менен куттуктоодо

Жарыяланган: 27 December 2011

«Кумтөр Оперейтинг Компани» балдарды Жаңы жыл менен куттуктоодо Жаңы жыл алдында «Кумтөр Оперейтинг Компани» Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун айылдарындагы башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына белектерди тартуулады.

Барскоон, Тосор жана Тамга айылдарынын башталгыч класстарынын окуучулары өз белектерин мектептердеги эртең мененки кечелерде алышты. Бала бакчалардагы бөбөктөргө белектер бүгүн, 27-декабрда, тапшырылат.

Чоң Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, ошондой эле бийик тоолуу Ак-Шыйрак айылдарынын балдары да куттуктоолорсуз калышкан жок, аларга таттуулар ушул жумада жеткирилмекчи.

– Белектерди тартуулоо дайыма жагымдуу. Өзгөчө балдар кандай кубанып жатышканын, алар бизди кантип сүйүнүү менен тосуп алышканын көргөндө. «Кумтөрдөн» жаңы жылдык куттуктоолор жакшы салт болуп калды, аны биз улантууга ниеттенип жатабыз, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 59-15-26, 90-07-28.