Жарыяланган: 07 July 2025
Жыл сайын жогорку окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү Кумтөр ишканасында такшалма программаларына, өндүрүштүк практикаларга кабыл алынат.
Быйыл дагы Кумтөр ишканасы 88 студенттер менен бүтүрүүчүлөргө эшигин ачты.
3 айлык өндүрүштүк практика жана 2 жылдык такшалма программалары студенттерге жана жаш адистерге кен казуу тармагынын ар кыл багыттары боюнча терең билим алууга, кесиптик тажрыйба топтоого жана алдыңкы технологиялар менен таанышууга эң мыкты шарт түзөт.
2 жылдык такшалма программасын ийгиликтүү аяктап, өзүн мыкты жагынан көрсөтө алган жаштар “Кумтөр Голд Компаниге” кызматка орношо алышат. Компаниянын бул демилгеси Кыргызстандагы жаштардын иш менен камсыз болушуна жана квалификациялуу кадрларды даярдоого чоң салым кошуп келет.