Жарыяланган: 22 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-майы, саат 10:00.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кумтөр кенинин үлгүлөрүндө фильтрация боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү кызматтарын көрсөтүү үчүн чектелбеген катышууга, эки пакеттүү ыкмадагы конкурска катышууга чакырат.
|
Тапшыруу форматы: |
Конкурска катышуу үчүн арыз жана конкурстук сунуштун курамына кирген башка бардык документтер конкурстук табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди кабыл алууга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Аталган документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында электрондук түрдө тапшырылышы керек.
Конкурстук табыштамага кол коюп жаткан адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн уюштуруучу, башкаруучу же башка расмий документтердин көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. Конкурстук сунушту даярдоого чейин катышуучулар конкурстук документациянын 1-тиркемеси болуп саналган “Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама (жеткирүүчүлөр үчүн)” менен таанышып, анда көрсөтүлгөн бардык талаптардын толук аткарылышын камсыз кылыш керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурска катышуучулар орус тилинде даярдалган, конкурстук документациянын талаптарына так ылайык жол-жоболоштурулган конкурстук табыштаманы берүүгө милдеттүү. Табыштамага конкурс шарттарында каралган тастыктоочу документтердин керектүү көчүрмөлөрү кошо тиркелиши керек.
Конкурстук табыштама жана тиркелген документтер электрондук форматта төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: Катышуучу Кумтөр кенинин үлгүлөрүндө фильтрация боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасын Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырманы толук түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон конкурстук табыштаманы, баасын камтыган коммерциялык сунушту (баа сунушун); ошондой эле башка бардык талап кылынган документтерди жана маалыматтарды толук көлөмдө берүүгө милдеттенет. |
| Маанилүү!!!
|
Конкурстук табыштама жана/же конкурстук сунушту камтыган бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпоого керек.
Эгерде тиркелген документтердин жалпы көлөмү 25 МБдан ашса, конкурстук арыз бир нече электрондук катка бөлүнүп жиберилиши керек. Бул учурда электрондук каттын темасында конкурска катышуучунун аталышы жана конкурстук сунуштун тиешелүү бөлүгү көрсөтүлүшү керек, мисалы: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 1-бөлүк 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 2-бөлүк 3. «Конкурстук сунуш жана сметалык эсеп (катышуучунун аталышы)» – 3-бөлүк 4. «Каржылык сунуш (катышуучунун аталышы)» – 4-бөлүк, жана зарылчылыкка жараша улантылат. Булут сактагычтардагы файлдарды жүктөп алуу шилтемелери, адатта, чектелген мөөнөттө иштээрин эске алуу менен, конкурстук документацияны булут сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. |
| Конкурска катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:
|
– Конкурстук табыштама;
– Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация (мындан ары КТКД); – Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация; – 2023-2025 жылдар учун каржылык отчеттордун түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү; – Коммерциялык сунуш (коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбошу керек); – Иштелип чыккан сметалар жана башка керектүү документтер; – Салыктык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттар. |
| Баалоо критерийлери:
|
Тандоодон өткөн деп, конкурстук документацияда каралган документтердин толук топтомун камтыган жана белгиленген талаптарга ылайык таризделген конкурстук табыштаманы берген катышуучунун сунушу таанылат. |
| Жеткирип берүүчүгө коюлган талаптар
|
1. Инжинирингдик кызмат көргөзүү, байытуу, металлургия жана технологиялык регламенттерди иштеп чыгуу тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кеминде 5 жылдык практикалык тажрыйбанын болушу керек;
2. Интеллектуалдык ресурстук базанын болушу (тийиштүү багыттар боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы бар илимий кызматкерлер, долбоорлоочулар, экологдор ж.б.); 3. Байытуу жана металлургия продуктуларын фильтрациялоочу жабдууларды өндүрүү боюнча өндүрүштүк базанын болушу артыкчылык болуп саналат. |
| Каржылык сунушту берүү тартиби | 2-этап: Сунуштун каржылык бөлүгү
Каржылык (коммерциялык) сунуш сыр сөз менен корголгон архивге жайгаштырылган файл түрүндө берилүүсү керек. Каржылык (коммерциялык) сунуштун формасы тиркелет жана конкурстук документациянын 7-тиркемеси болуп саналат. Архивдин сыр сөзү катышуучу тарабынан конкурсту өткөрүүгө дайындалган Буйррутмачынын жооптуу өкүлү талап кылган учурда гана берилет. Архивдин сыр сөзү кеминде 8 (сегиз) символдон турушу, кеминде бир санды, бир атайын белгини, бир баш тамганы жана бир кичине тамганы камтышы керек. Каржылык (коммерциялык) сунуш катышуучунун расмий бланкында таризделип, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын атына багытталышы керек жана конкурстук документациянын талаптарына ылайык төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтышы керек, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, иштерди аткаруу мөөнөттөрү, төлөм шарттары. Каржылык (коммерциялык) сунуштардын архивдерине тиешелүү сыр сөздөр квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берет деп табылган конкурстук табыштамалар боюнча гана талап кылынат. |
| Сунуш төмөнкү тема менен болушу керек: «Кумтөр кенинин үлгүлөрүндө фильтрация боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү» деп көрсөтүп, конкурстук табыштаманы filtracia2026@kumtor.kg электрондук почта аркылуу 2026-жылдын 14-май, саат 10:00гө чейин жөнөтүү зарыл. | |
| Буйрутмачы келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта каалаган же бардык конкурстук табыштамаларды четке кагууга, ошондой эле тандоо жол-жобосун токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт. | |
| Катышуу сунушу расмий бланкта болушу керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуштарын берүү менен, катышуучулар Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болушат. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуш кеминде 60 календардык күн жарактуу болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө конкурстук сунушка эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюуга чейин келишимди аткаруунун кепилдигин декларация түрүндө берүүгө милдеттүү. | |
| Эгер аванстык төлөм каралса, жеңүүчү компания аванстын суммасынан кем эмес өлчөмдө банктык кепилдик бериши керек. | |
| Конкурс боюнча бардык суроолор aibek.berdigulov@kumtor.kg электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоо шарттарын тактоо үчүн суроолор сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. | |