“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Кен ишканасынын Медициналык пунктуна жана Бишкек шаарынын Медициналык кеңсесине эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Кен ишканасынын Медициналык пунктуна жана Бишкек шаарынын Медициналык кеңсесине эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Жарыяланган: 26 July 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

Талаптар:

  • «Дарылоо иши» багыты боюнча жогорку медициналык билим (ЖОЖду аяктаган учурдан тартып 5 жылдан ашык эмес;
  • ПК ишенимдүү колдонуучусу, MS Office, Google Docs, Zoom программаларды билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Аткаручуулук жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, командада иштей билүү;
  • Медициналык жактан жумушка жарактуу жакшы физикалык формага ээ болуу.

Кен ишканасынын медициналык пунктунда стажердун милдеттери:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу, жетекчиси жок болгон учурда аны алмаштыруучу адисинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Медициналык маалымат базасына маалыматтарды киргизүү;
  • Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө катышуу;
  • Кен ишканасынын дарыгери менен биргеликте өзгөчө кырдаал оорулууларды кен ишканадан шашылыш түшүүрүдө коштоп кетүү;
  • Кен ишканасындагы дарыгерлердин иштеринде жардам көрсөтүү.

Бишкек шаарынын медициналык кеңсесинде стажердун милдеттери:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу, жетекчиси жок болгон учурда аны алмаштыруучу адисинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Медициналык маалымат базасына маалыматтарды киргизүү;
  • Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө катышуу;
  • Медициналык бөлүмдүн конференцияларына жана семинарларына жардам көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

    • Акы төлөнүүчү такшалма
    • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтор кен ишканасы (Бишкек шаарыдагы кеңсе)
  • Жумуш графиги – 14/14 (5/2)

Тандоого катышуу үчүн:                                                                                                                                       2023-жыл 8-август саат 16.00 кечикпестеншилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.