“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Казыналык жана салык салууну финансыны башкаруу бөлүмү эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Казыналык жана салык салууну финансыны башкаруу бөлүмү эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Жарыяланган: 22 June 2023

Талаптар:

    •  Бухгалтердик эсеп; финансылык; экономикалык багыты боюнча жогорку билим (2017-жылдан 2022-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
    •  MS Office программасын жогорку деңгээлде билүү;
    •  Аналитикалык жөндөмдөр, чоң маалымат массивдери менен иштөө көндүмдөрү;
    •  Коммуникабелдүү болуу; 
    •  Кыска мөөнөттө команда менен иштей билүү;
    •  САР сертификаттардын болушу, advanced Excel, англис тилин билүү артыкчылык болуп      эсептелет;
  • Стресске туруктуу болуу.

Милдеттер:

  • Баштапкы документтер менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, реестрлерди системалаштыруу жана түзүү;
  • Текшерүүчү органдардын суроо-талаптары менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, берилген документтер боюнча отчет берүү;
  • Таблицаларды толтуруу жана финансылык маалыматтарды талдоо, аткарылган сурамдардын, каттардын абалын көзөмөлдөө, кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтарды макулдашуу;
  • Салык жана статистикалык отчетторду даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • Казына жана салык бөлүмүнүн ишине тиешелүү башка милдеттер.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2023-жыл 4-июль саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.