“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” УЗАК ЖЫЛ ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕКТЕНИП КЕЛЕ ЖАТКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” УЗАК ЖЫЛ ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕКТЕНИП КЕЛЕ ЖАТКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 20 September 2023

“Кумтөр Голд Компани” көп жыл бою ишканада туруктуу иштеп келе жаткан кызматкерлерине сый көрсөттү.

5, 10, 15, 20, 25 жыл үзүрлүү иштеген маараке ээлерин куттуктоо салты “Кумтөр Голд Компаниде” көп жылдардан бери уланып келет. Быйыл дагы маараке ээлерин компания жетекчилиги куттуктап, дипломдор тапшырылып, эстелик белектер тартууланды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жетекчилигинин атынан Директорлор Кеңешинин Төрагасы Болотбек Идирисов, Өндүрүш боюнча вице-президент Кубанычбек Турдукожоев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ар бир кызматкердин ак эмгегин, кесиптик чеберчилигин жогору баалай тургандыгын баса белгилешти.

Ошондой эле эмгектин каармандарына диплом тапшыруу аземинде Директорлор Кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Турусбеков, вице-президенттер Дмитрий Долматов, Таалайкүл Букарбаева, Кумтөр кен жайынын директору Кубаныч Молдобековдор да кызматкерлердин ар бирине ак эмгеги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Вице-президент Кубанычбек Турдукожоев каармандарыбыздын тоо-кен тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы жаңы долбоорлорду ишке ашырууда сөзсүз керек болоорун кошумчалап, “Биз Кумтөр менен чектелбей, жаңы кендерди өздөштүрүп, жаңы долбоорлорду ишке ашырганы турабыз. Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосу, тапшырмасы менен кийинки жылдан баштап Тоголок кенин иштетебиз. Компаниябыз үчүн эле эмес, мамлекетибиз үчүн маанилүү мындай иштерде Силердей кесипкөй адистер аба менен суудай керек болот. Ар бириңердин аракетиңер менен баардык тоскоолдуктарды жеңип, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деп терең ишенем!”-деди.

Маараке ээлерин куттуктоо аземи майрамдык концерт менен коштолду.

Мындай иш-чаралар кызматкерлер арасындагы ынтымакты бекемдеп, жаңы ийгиликтерге шык берүү менен жаш адистерге өз кесибине берилгендиктин мыкты үлгүсүн көрсөтүп келет.