КООМДУК ТАМАКТАНУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 30 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 14.05.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК коомдук тамактануу кызматына эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кулинария тармагында билим;
- Социалдык көндүмдөр жана командада иштөө жөндөмү;
- Кесиптик өсүүгө жана жаңы көндүмдөрдү алууга умтулуу;
- Жогорку тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Ар кандай тамактарды даярдоо үчүн даярдыктарды өндүрүү (жашылчаларды жана жемиштерди тазалоо жана кесүү);
- Ашпозчуларга тамактарды даярдоодо жардам берүү;
- Ашкана жабдууларын жана идиш-аяктарды таза кармоо;
- Конвейердик идиш жуугуч машина менен иштөө (фарфор жана айнек идиштерди жуу).
- Кесиптик идиштерди жуу;
- Тамак-аш жана катуу калдыктарды сорттоо жана чогултуу;
- Жалпы тазалоо иштерин жүргүзүү;
- Ашпозчу же тамактануу координаторунун тапшырмаларын аткаруу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 14-майында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.