КГК: УЧУРДА «ГРАНД ЭЛЕКТРОНИКС СТАФФ» ЖЧКСЫ «КУМТӨР» КЕНИНДЕ ТАМАК-АШ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТПӨЙТ

КГК: УЧУРДА «ГРАНД ЭЛЕКТРОНИКС СТАФФ» ЖЧКСЫ «КУМТӨР» КЕНИНДЕ ТАМАК-АШ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТПӨЙТ

Жарыяланган: 07 March 2024

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан «Гранд Электроникс Стафф» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилеринин кармалышына байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому төмөнкүлөрдү билдирет.

“Гранд Электроникс Стафф” ЖЧКсы “Кумтөр Голд Компаниде” тышкы башкаруу мезгилинде кызмат көрсөтүү менен алектенген жана 2022-жылдын майынан 2023-жылдын февралына чейин Кумтөр кен жайын тамак-аш менен камсыздап келген.

«Кумтөр Голд Компанинин» башкармалыгынын чечими менен коомдук тамактануу кызматы өзүнө кайтарылган жана бул ишти толугу менен ишкананын өз кызматкерлери аркалоодо.