КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИК КУРАМЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИК КУРАМЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Жарыяланган: 29 February 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын жетекчилиги менен жолугушуп, анын жүрүшүндө ишкананын 2023-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, үстүбүздөгү 2024-жылга коюлган пландары менен бөлүштү.

Алмазбек Барыктабасов 2023-жыл компания үчүн ийгиликтүү жыл болгонун белгиледи.

«Компаниянын өткөн жылдагы таза кирешеси пландагы 194,0 миллион доллардын ордуна, 302,4 миллион долларды түздү. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которду”, – деди ал.

Жолугушууда компаниянын жетекчиси үстүбүздөгү жыл «Кумтөр Голд Компани» үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, «Быйыл Кумтөр кен жайында алтынды жер астынан казып алуу долбоору активдүү фазага кирет, Тоголок алтын кенин иштетүү жана келечектүү Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери башталат. Мындан тышкары дагы бир катар долбоорлор даярдалууда. Алар да ишканада алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам бермекчи. «Кумтөр Голд Компанин» жогорку квалификациялуу адистер тобунун жакшы координацияланган ишинин аркасында бардык милдеттенмелерди өз убагында аткарабыз деп ишенем», – деди Алмазбек Барыктабасов.