ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО: ЖҮК ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮ ТАШУУЧУ УНАА ҮЧҮН ДӨҢГӨЛӨККӨ ТИРӨӨЧҮ БАШМАК, АВТОУНААНЫН ОРУНДУГУНА МАССАЖДООЧУ ЖАПКЫЧ

ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО: ЖҮК ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮ ТАШУУЧУ УНАА ҮЧҮН ДӨҢГӨЛӨККӨ ТИРӨӨЧҮ БАШМАК, АВТОУНААНЫН ОРУНДУГУНА МАССАЖДООЧУ ЖАПКЫЧ

Жарыяланган: 03 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-июну, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») сиздин компанияңызды жеткирүү үчүн котировкаларды суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Лоттор бөлүнөт Аталышы Саны Өлчөө бирд.
Лот 1 ЖҮК ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮ ТАШУУЧУ УНАА ҮЧҮН ДӨҢГӨЛӨККӨ ТИРӨӨЧҮ БАШМАК 70 Даана
Лот 2 АВТОУНААНЫН ОРУНДУГУНА МАССАЖДООЧУ ЖАПКЫЧ 180 Даана

 Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары — «КС») PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле, КС ишкананын расмий бланкында кол тамга жана мөөр менен таризделиши керек.

Сунуштарды берүү тартиби: Тандоого катышуучулар КСны орус же кыргыз тилинде берүүгө жана аны электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш: konkurspac@kumtor.kg 2026-жылдын 10-июну, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • КСнын колдонулуу мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 20 календардык күн.

Жеткирүү орду: Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: баяндамага, техникалык параметрлерге/техникалык тапшырмага (ТТ) ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган КС жеңүүчү деп табылат.

Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

КГК кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпастан, келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо жүргүзүлүп жаткан мезгилде коммерциялык сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт. Ушул тандоо боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: nurlan.semetov@kumtor.kg. Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Техникалык тапшырмалар:

Лот 1 – Техникалык тапшырма

Лот 2 – Техникалык тапшырма