Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 2011-жылдагы корутунду жыйыны болуп өттү

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 2011-жылдагы корутунду жыйыны болуп өттү

Жарыяланган: 30 December 2011

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 2011-жылдагы корутунду жыйыны болуп өттү

2011-жылдын 28-декабрында Каракол шаарында Ысык-Көл областынын губернатору, райондук кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес сектордун, капиталдык курулуш башкармалыгын өкүлдөрү Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйынын өткөрүштү, анда Фонддун 2011-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын чыгарышты жана 2012-жылга негизги долбоорлорду финансылоону бекитишти. Байкоочу кеңештин ишине «Кумтөр Оперейтинг Компанинин», коомчулуктун өкүлдөрү жана журналисттер да катышышты.

Жалпысынан 2011-жылы 636 млн. сомдон ашуун суммага 304 долбоор финансыланган. Каражаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт объектилерин курууга жана ремонттоого багытталган. Финансылык колдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да алышкан – каражаттар областтык инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө: жолдордун, суу менен жабдуу системаларынын ремонтуна, территорияларды көрктөндүрүүгө, коомдук иш чараларды өткөрүүгө, айыл чарба техникаларын сатып алууга бөлүнгөн. Атап айтканда, Фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 2011-жылы областтын 15 социалдык объектисинин капиталдык ремонту жүргүзүлдү, 9 мектеп, 6 спорттук зал, 3 фельдшердик-акушердик пункт жана бала бакча курулду.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан быйылкы жылы бекитилген “Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду жөнүндө” Жобону эске алуу менен 2012-жылга өнүгүү багыттарын аныкташты. Кеңештин мүчөлөрү областтын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган туруктуу долбоорлорду колдоо Фонддун ишинин приоритеттери болушу керектигине макул болушту.

“Эгерде Өнүктүрүү фонду болбогондо жана эгерде “Кумтөрдүн” иши токтоп калганда азыр областта эмне болмогун элестетүү кыйын. Өтүп бара жаткан жылы социалдык долбоорлорду колдоого чоң көңүл бөлүндү. Бирок, кийинки жылы пайда алып келүүгө жана областын бюджетин толтурууга жөндөмдүү туруктуу долбоорлорго көп көңүл бөлүү зарыл”, – деп белгиледи Байкоочу кеңештин жыйынында Ысык-Көл областынын губернатору Мирбек Асанакунов.
Журналисттер Фонддун каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан же курулган бир катар объектилерде: Чолпон-Ата шаарындагы жана Ананьево айылындагы ооруканаларда, Күрмөнтү айылындагы маданият үйүндө жана мектепте, Түп районунун Ой-Тал айылындагы курулуп жаткан мектепте болушту.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.