«Кумтɵр Голд Компанинин» жаш адистери казакстандык алдыӊкы «Борусан Макина Казакстан» компаниясында окутуудан ɵтүшɵт

«Кумтɵр Голд Компанинин» жаш адистери казакстандык алдыӊкы «Борусан Макина Казакстан» компаниясында окутуудан ɵтүшɵт

Жарыяланган: 13 January 2016

2016-жылдын 18-январынан 12-февралына чейин «Кумтɵр» кен ишканасынын техникалык тейлɵɵ бɵлүмүнүн сегиз жаш адиси Караганда шаарында «Борусан Макина Казакстан» компаниясында окутуудан ɵтүшмɵкчү. Бул окуу курсу №27 кесиптик лицейди аяктаган «Кумтɵрдүн» кызматкерлери үчүн атайын түзүлгɵн. Курсту аякташкандан кийин аларда «Кумтɵрдɵ» туруктуу контракт алуу мүмкүнчүлүгү болмокчу. Учуп барууга, окууга жана жашоого бардык чыгымдарды «Кумтɵр» компаниясы каржылайт.

«Кумтɵр Голд Компани» №27 кесиптик лицей менен 2000-жылдан бери кызматташууда жана ар жылы Ысык-Кɵл облусунун аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлɵлɵрүнɵн чыккан мектеп бүтүрүүчүлɵрүнɵ 15ке чейин стипендия бɵлɵт. Биринчи курстан баштап студенттер «Кумтɵр» кен ишканасында стажировкадан ɵтүшɵт жана эӊ жөндөмдүү, жакшы кɵрсɵткүчтɵргɵ жетишкендер компанияда иштɵɵ үчүн калтырылат. «Мен мектептен эле «Кумтɵрдɵ» иштөөнү кыялдангам. Мен, тобубуздагы башка балдар сыяктуу эле, толук эмес үй-бүлɵдɵнмүн жана «Кумтɵргɵ» колдоосу үчүн абдан ыраазымын. Учурда мен оор техниканын ремонту боюнча слесардын окуучусу болуп иштейм. Эми Казакстандын алдыңкы ишканасына квалификациябызды жогорулатып, билимибизди арттыруу үчүн барабыз. Мен кыялдар орундаларына ишенем» – деп программанын катышуучусу Улан Садырбек уулу пикирин билдирди.

«Кумтɵр» кен ишканасында Caterpillar маркасындагы заманбап оор техника колдонулат, аны Caterpillar компаниясынын продукциясынын Караганда шаарындагы (Казакстан) расмий дилери «Борусан Макина Казакстан» компаниясы тейлейт. Жаш адистердин бул компаниядагы 20 күндүк стажировкасы ийгиликтүү болочокко инвестиция. «Кумтɵр» кен ишканасынын техникалык тейлɵɵ бɵлүмүнүн менеджери Джерард Уиглсворс жаш кумтөрчүлөргө мындай узатуу сɵзүн айтты: «Мүмкүн силер ɵлкөдөн сырткары биринчи жолу чыгып жатасыӊар жана силерден тартипти жана иш графигин урматтоону суранам. Окуп, кен ишканасына кайтып келип жана баарыбызга кантип иштɵɵнү көрсөткүлө. Компаниянын келечеги силер сыяктуу жаш адистерде».