“Кумтөр” ишканасында чаңды басуучу уникалдуу жабдуу ишке киргизилди

“Кумтөр” ишканасында чаңды басуучу уникалдуу жабдуу ишке киргизилди

Жарыяланган: 16 May 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) тоо-кен техникасынан чаңды басуучу жабдууну ишке киргизди. Кендеги өндүрүштүн экологияга тийгизген таасирин мүмкүн болушунча азайтуу талабы – “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кортундусунда да жазылган.

Чаң басуучу бул жадуу – Европадагы алдыңкы өндүрүүчү болгон голландиялык компания тарабынан “Кумтөр” кени үчүн атайын иштелип чыккан. Голландиялык адистер бийик тоолуу климаттык шарттарды изилдөө үчүн Кыргызстанга алдын ала келип кетишкен.

Алыстан пульт аркылуу башкарылган бул аппарат 90 метр узундукка чейин суу чачып, 150 метр радиустагы чаңды баса алат. Сыйымдуулугу 16 тонна жана бир суткадан ашык тынымсыз иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

–           Азыркы учурда КГК экологиялык коопсуздукка, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана кен ишканасындагы бардык техникалык эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурууда. Ошондой эле биз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен тыгыз иштешип, Улуттук илимдер академиясы жана гляциологдор менен мөңгүлөрдүн абалын изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз, – дейт КГКнын айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн координатору Талантбек Кожоев.

Чаң менен күрөшүү маселеси баардык тоо-кен ишканаларына жакшы белгилүү. “Кумтөр” Кыргызстанга өткөндөн кийин бул маселени чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Карьерде жана кенге баруучу жолдогу, Бишкек-Каракол жолу менен байланыштырган технологиялык трассадагы чаңдарды басуу үчүн жолдорго үзгүлтүксүз суу чачылып турат.  Ал эми кышында атайын коопсуз биополимердик курам колдонулат.

Чаң мөңгүлөрдүн тез эришине таасир этүүчү себептердин бири болуп саналат жана компаниянын жаңы жетекчилиги мөңгүлөрдү, таза сууну, жалпы эле экологияны коргоого өзгөчө  көңүл бурууда. Ушуга байланыштуу, учурда КГКда кенди жер астынан иштетүүнү баштоо үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул мөңгүлөрдү сактап калууга багытталган артыкчылыктуу долбоор.

–           Мөңгүлөргө таасир тийгизбей иш жүргүзүү – бул биз үчүн абдан маанилүү. Кендин калган бөлүгүн, оксиддик кендер аркылуу өндүрөбүз. Бул башка технология. Оксид кендеринин көбү мөңгүлөргө тапаткыр жакын эмес, – деп билдирди КГКны башкарган “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк.

Азыркы учурда “Кумтөр” кен ишканасында ишке ашырылган ушул жана башка көптөгөн чаралар ишканада жана региондо экологиялык абалды жакшыртууга багытталган комплекстүү программанын ичине кирет.