Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп жатат

Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп жатат

Жарыяланган: 08 April 2021

2021-жылдын январь айында «Кумтөр» компаниясынын көмөгү менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс ишке киргенин кабарлаганбыз. Россиядан алынып келүүчү таштанды ылгоочу жабдууларды сатып алууга «Кумтор Голд Компани» 5,5 млн сомго жакын каражат бөлүп берген. Долбоорду ишке ашыруучу болуп Балыкчы шаарынын мэриясынын «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» муниципалдык ишканасы эсептелет.

Азыркы учурда таштанды ылгоочу комплекс түшкөн таштандыларды күн сайын иштетет. 40 000 калкы бар Балыкчы шаарындагы таштанды жайга жыл сайын орточо 23000 м3 таштанды төгүлөт. Заводдо полигондун начальнигин кошкондо жети киши иштейт. Пластикти, картон, металл жана айнекти ылгайт. Таштанды ылгоочу комплекстин жумушчулары үчүн иш күнү 8ден 17.00гө чейин уланат. Жумуш келишим менен, эмгек акы аткарылган иштин көлөмүнө карата бааланат. Кандай болгон күндө да жети киши туруктуу эмгек акы менен камсыздалды. Күнүнө 2 тонна таштанды ылгаганга жетишет. Жайкы сезондо цифра 4-5 тоннага чейин өсөт. 40%га чейин катуу тиричилик калдыктарын иштеткенге болот.

Ылгоочу жана таңгактоочу машиналар орнотулган цехтин өзүнөн тышкары, аймакта эки контейнер жайгашкан. Биринде жумушчулар түштөнүшөт жана эс алышат, экинчисинде – даяр тыгыздалган продукцияны топтойт. Тыгыздалган таштандыны сатып алууга конкурсту бишкектик “Пластик.KG» компаниясы утуп алды.

Ишке ашкан долбоордун алкагында шаарды көрктөндүрүү менен алектенген шаардын кызматтары  пластик бөтөлкөлөрдү чогултуучу чака орнотту. Эл дагы акырындап аң-сезимдүү аракет кылып, таштандыларды ылгай баштайт. Өсүп келе жаткан муун курчаган чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөнөт. Балыкчы мектептеринде жана балдар бакчаларында кагаз жана пластик үчүн атайын урналар орнотулду.

“Кумтөр” компаниясынын жардамы менен шаар тазаланып, Ысык-Көлдүн жалпы экологиялык абалы жакшырат, адамдар таза жерде турмуш кечирет”, – деп белгиледи полигондун начальниги Кылычбек Азимов.