«Кумтөр» кениндеги калдыктарды сорттоо иши жакшыртылды

«Кумтөр» кениндеги калдыктарды сорттоо иши жакшыртылды

Жарыяланган: 24 November 2022

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому (КГК) таштандыларды утилизациялоо процессин жеңилдеткен атайын жабдууларды сатып алды. Темир челектер жана башка металлдар пресстелип, андан ары кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Ошондой эле кайра иштетүүгө пластик, кагаз жана башка материалдар дагы жиберилет.

— Бул пресстегич жабдыктын жардамы менен ишкана калдыктарды ташуу менен байланышкан чыгымдарды бир кыйла кыскарта алды. Үч-төрт жолу ташыгандын ордуна, бир жолу эле чогултуп алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бардык запастык бөлүктөр жана тетиктер кылдат жана сарамжалдуу иштетилет. Мисалы, колдонулган аба чыпкалары кылдат тазаланып, кайра колдонууга жиберилип турат. Натыйжада бул аба чыпкалары таштандыга жиберилгенге чейин үч жолу колдонулат”, – дейт КГКнын инженер-экологу Улан Жаныбек уулу.

Келерки жылы КГКнын колдоосу менен Чүй облусунун Токмок шаарында жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Экономикалык кызыкчылыктан тышкары, келечектеги ишкананын алдында экологиялык маанилүү милдет турат. Элден чогултулган эски, жарабай калган дөңгөлөктөрдү чогулутуп, керектүү продукция өндүрүү пландалууда.

– Экологиялык коопсуздук – бул биздин компания үчүн абдан маанилүү аспект. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып жатабыз. Биргелешкен комиссиялар иштеп жатат, алардын сунуштары менен өндүрүштүн экологияга тийгизген таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатабыз, – дейт «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов.

«Кумтөрдүн» бардык өндүрүш бөлүмдөрүнүн таштандыларды сорттоо боюнча программасы бар жана бул багытта кызматкерлер ар кандай окуулардан өтүп турушат. Кен жайынын экологдору айлана-чөйрөгө тынымсыз мониторинг жүргүзүп, күн сайын суунун үлгүлөрүн алып, абанын сапатын жана биологиялык ар түрдүүлүктү көзөмөлдөп турушат. Байкоолор ишкананын аймагындагы жапайы жаныбарлардын санынын туруктуу өсүп жатканын аныктады.

«Кумтөрдүн» экологиялык жаңы долбоорлору жана калдыктарды башкаруу боюнча ишке ашырылып жаткан алдыңкы тажрыйбалары – өндүрүштүк ишканалардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин жакшы мисалы болуп бере алат.