Ысык-Көл областынын Саруу айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен экинчи республикалык спорттук турнир болуп өттү

Ысык-Көл областынын Саруу айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен экинчи республикалык спорттук турнир болуп өттү

Жарыяланган: 27 September 2011

2011-жылдын 23-24сентябрында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында грек-рим күрөшү боюнча республикалык спорттук турнир болуп өттү.

Бул Бишкекте «Ата-Тоо» аянтында 7-апрелде каза болгон спортсмен Рустан Шамбетовду эскерүүгө арналган Саруу айылындагы экинчи турнир. «Кумтөр Оперейтинг Компани» мелдештерди өткөрүү демилгесин колдоого алды.

Турнирдин ачылышынын салтанаттуу аземине Жети-Өгүз районунун акими Руслан Элебесов, алтын өндүрүү компаниянын өкүлдөрү, райондун жүздөгөн жашоочулары катышышты. Турнирдин катышуучуларынын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Мелдештерге Бишкектен, Оштон, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл областтарынан миңден ашуун спортсмендер катышышты. Турнирдин алкактарында грек-рим күрөшү боюнча таймашуулардан тышкары, жакын жайгашкан айылдардын командаларынын ортосунда көк бөрү жана мини-футбол боюнча жолдоштук беттешүүлөр да болуп өттү. Быйылкы жылы аларга стол тенниси боюнча мелдештер да кошулду.

«Биз Саруу айылындагы турнир салтка айланып калганына кубанычтабыз. Спорттук мелдештер – Рустан Шамбетов жөнүндө эң сонун эскерүү. Биздин компания, өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүн Жети-Өгүз районунда жүргүзүү менен өспүрүмдөр спортунун өнүгүүсүнө дайыма колдоо көрсөтүп келет. Анткени бул өлкөбүздө дени сак жана чымыр жаштар өсүшү, жаңы чемпиондор чыгышы үчүн башкы өбөлгө», – деп айтты мелдештердин ачлышында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов.